840-жылы кыргыздар уйгур каганатын талкалап, акыркылар туш-тарапка бытырап качкан. Кытай жазма булактарында 842-жылдын бу күндөрү уйгурлардын Уцзе каганы кытай ханайымы Тай-хэни алып, түштүккө жер которгондугу кабарланат. Уйгурлар кыргыздардын кысымынан качып, Кытай өлкөсүнүн түндүк чегарасына ыктай жайгашкандыгы жана мындай жакындык империянын ички коопсуздугуна коркунуч жаратаары белгиленет. Кытай стратегдери уйгурлардын кол салуусунан кооптонушуп, алардын күчүн кыргыздардын колу менен жок кылуу максатында, кыргыз өкүмдарына кат аркылуу кайрылган.
1847-жылдын 13-апрелинде Акмоло округунун Тамин волостунда Кененсары хандын кыргыздар тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн билдирген жардык жарыяланган. Орус бийлиги Кененсары хандын сары изине чөп сала кууп, ал жүргүзгөн саясаттан тарта, казактардын кыргыздарга кол салганына чейин саксактап көзөмөлгө алып турган. Волосттук жардыкта Кененсары менен кошо Ноорузбай, Кудайменди жана Эржан баатырлардын туткундалганы кабарланат.
1994-жылдын 13-апрелинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу илим адамдары нааразылык митингге чыгышты. Илим Академиясында маяна берилбей жана айлык акыга акча табылбай окумуштуу орундары кыскартыла баштаган. Эгемен республиканын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка жаны ачыган илим адамдары “айлык акы” жана “эмгек орундарын сактап калуу” талабы менен митинг уюштурушкан.
1944-жылы 4-Украин фронту Симферепольду, 1945-жылдын бу күнү советтик аскерлер Австриянын борбору Вена шаарын немецттик-фашисттерден бошотушкан. Белгилүү болгондой, Улуу Атамекендик согушка 300 миң чамалуу кыргызстандыктар катышкан жана алардын айрымдары аталган аскер операцияларынын арасында болушкан.