Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

АШ КӨП БОЛСО КААДА КӨП


11-апрелде мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөлүк жөрөлгө, каада-салттарды жупуну өткөрүүсү тууралуу өкмөт токтому чыкты. Кыргыз чиновниктеринин жайыл дасторкон шаан-шөкөттөрү, төгүл-чачыл расмий ырым-жырымдары кедейликтен баш чыкпаган өлкөнүн учурдагы абалына коошпостугу кыйладан бери айтылып келаткан.

Өкмөттүн жаңы токтому барып-келип эле улуттук баалуулуктарга байланат, элдин жашоо-ыңгайына тиешелүү аеолуу сезимдерин козгоп иет. Ошол себептүү маселенин түпкү башаты, чоо-жайы тууралуу бираз кеп кылуунун оролу келип турат.

Улуттук каада-салтка кайчы келген артыкбаш шаан-шөкөттөр Кыргызстан эгемендик алганы чайлап-коолап кеткени көпчүлүккө жадыбалдай жат болуп калганы качан. Кыргызстандын экономикасы ыкчам өнүгүп, элинин турмушу оңолуп, жашоо-тиричилиги дурус дегидей абалда болсо дүңгүрөтө той берип, күпүлдөтүп аш өткөрүүнүн эрен-төрөнү билинмек деле эмес.

Эмгекке жарамдуу калкынын кыйласы чет жерде күн көрүп атса, билимдүү жаштарынын көбү эмитен эле чет жерге кетүүнүн амал-айласын ойлонуп отурган кези. Тынч заманда азып-тозуунун алдагыдай ыкыбалына туш келген кыргыздын болочогу татаал экенин ыраматылык Салижан Жигитов айтып жүрүп тажагандай деле болду эле.

- Эл азайып жатат. Көбү эле Орусияга кетип, кеткендердин көбү кайра келбейт. Себеби бизди көрүп туруп жүрөгү түшүп ошол жерде жашай берет. Анан ушинтип отурган биздин элдин келечеги жакшы эмес. Ушул Америкага кошулуп алалы десем элдин баары чатак салбадыбы, ха-ха!

Антип кайсы бир байманалуу өлкөнүн этегине эрмешкиси келбесе кыргыздар көөнө адат-салттарына көбүрөөк азгырылбай, жашоонун жаңыча ыңгайына өтүшү абзел. Анын ордуна ушу тапта улуттук интеллигенция өкүлдөрү атын чыгаруунун, материалдык туйтунуунун жолу катары артыкбаш шаан-шөкөттөрдү ыгы келсе да, келбесе да өткөрүүгө көнүп алды.

Жалаң чакырык, көрсөтмөлөрдөн майнап чыкпасын сезген өкмөт төгүл-чачыл ашыкча жосунду токтотууну мамлекеттик кызматкерлерден баштоону чечти шекилдүү. Билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулу бул маселе алдагачан бышып жетилген эле дейт.

- Айрыкча мынабу куран окулган кезде бири-биринен калбайын деп көп жылкылар союлуп жатпайбы. Айылда бир башка зыйнатын кылып, анан бул жерге келип куран окутам деп дагы ыгым-чыгым болуп атпайбы. Анан кыргыздын намыс дегени бар, куру намыс.

Байманалуу мамлекеттердин дээрлик баарында улуттук-диний каада-салттарды артыкбаш ыгым-чыгымсыз, жупуну өткөрүү жөрөлгөсү колдоого алынат. Кыргызстанда деле жеке адамдын өмүр өтөлгөсүнө тиешелүү жөрөлгөлөрдү ыксыз ыгым-чыгымга, опсуз опур-топурга айлантпай өткөрүү чакырыгы көп эле айтылып келатат. Анткен менен бапыратып той, дүңгүрөтүп аш берүү кийинки кездери материалдык кызыкчылыкка байланган атаандаштыкка өтүп кетти. Белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаков бул көрүнүштү элибиздин улуттук аң-сезимге али жетише электиги менен түшүндүрөт.

- Баланчанын тоюнда, түкүнчөнүн ашында деп ооздон-оозго өтүп, бирөөнүн аты ошону менен калып келген. Эми азыркы заманда муну эчак эле токтотуш керек болчу.

Өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлерге багышталган жаңы токтому калк арасында кандай пикирлерди жаратары азырынча белгисиз. Расмий бийлик аны жалпыга жайылтуу аракетин жасары турулуу иш. Өлүү дүйнөнү ээрчий чыккан опсуз шаан-шөкөттүн тизгини жалгыз токтом менен тартылышы мүмкүн да эмес.

Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун ырасташынча, демилгени бийлик өзүнөн баштап, калк анын калыстыгына ишенгенден кийин гана андан азыноолок жыйынтык чыгышы ыктымал. Өкмөт токтомун аткаруу болсо жергиликтүү бийлик жетекчилерине жүктөлдү. Жыйынтыгы кандай чыгарына калк өзү күбө болмокчу.

XS
SM
MD
LG