Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

АВСТРИЯЛЫКТАРГА КИЙИЗ ЖАСАГАНДЫ ҮЙРӨТКӨН ЖАНАРА


Чет жактарда көп эле кыргыздар жүрүшөт, бирок алардын бардыгы эле өздөрү жашаган өлкөнүн президентинин же өкмөт башчысынын назарына илине бербейт. Жанара Кутумова бул жагынан жолдуу болду. Ал азыр Австрияда жашайт.

Жанаранын айтымында, ал Бишкектеги УСТА университетинин студенти. Венада немис тилин окуп жатат.

Жанара жакында шаардан эки сааттык жолдогу Шаллебург сепилиндеги көргөзмөгө катышты. Катышканда да австриялыктарга кийиз жасап, ою салууну үйрөттү.

- Мен подиумда отурдум. Мен жүндү үстүнө жакшынакай оймону салып, самын суудан себеледим. Чийге жүндү ородум,-дейт Жанара

Кызыгы, бул кыргыздардын көргөзмөсү эмес. Шаллебург сепилинде Чынгызханга арналган жарым жылдык чоң көргөзмө өтүп жатат. Бирок кийиз жасоонун техникасы кыргыздарда тектеш монгол эли менен бирдей болгондуктан, уюштуруучулар айылда өсүп, бала чагында кийиз кармашкан Жанараны чакырышты. Көргөзмөгө келгендердин баары эле, албетте, Жанараны монгол экен деп ойлошту. Жанара өзүнүн Кыргызстандан экенин айтканда гана аны менен немисче сүйлөшө башташкан.

Жанара Таласта окуп, кийин Казакстандагы туугандарыныкында көп болуп калды, эки жакта тең кийиз жасаганды көрүп жүргөн. Урук-тууган, коңшу-колот чогулуп, кийиз басып, уу-дуу болгон айылдык турмуштун баркын алыскы Европада жүрүп билди:

-Бизди дайым чакырышчу, келгиле кийиз тебишкиле деп, казан толо эт кайнап, бака-шака түшүп жүрчүбүз. Чоң эне, таенелерибиз эски жомоктордон айтып берчү,- деп эстейт бала чагын Жанара.

Жанара ошентип көчмөн уздардын байыркы кол өнөрүнүн сырларын үйрөткөн чоң энеси менен таенесине ыраазы. Себеби элдик өнөрдүн аркасы менен ал көргөзмөнүн мезгилинде Австриянын канцлери Вольфгаң Шюссел менен кол алышты:

- Мен ошол убакта оймо салып жаткам. Шюссел келип, бул эмне деп сурады. Мен "бул үлгү гана, оймо салып жатам" деп айттым,- деди Жанара.

Шаллебургдун эски готикалык стилдеги имараттар курчаган аянтта монголдордун 40 канаттуу гери, же боз үйү да тигилген. Көргөзмөнүн ачылышына Австриянын канцлери менен катар Монголиянын өкмөт башчысы жана башка саясий жана маданият ишмерлери катышты.
XS
SM
MD
LG