Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Ирандын уран байытканын бир катар мамлекеттер сынга алышты


АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс: “Ирандын уран байытканы жөнүндө билдирүүсү эларалык коомчулуктан чечкиндүү кадамдарды талап кылат”, - деди. Райс Улуттар уюму да Ирандын соңку аракеттери жөнүндө өз мамилесин билдириши керектигин айтты.

Ушул эле күнү Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан: “Ирандан келген кабарга карата дүйнө мамлекеттери туш тараптан көз-караштарын билдире бербей, дипломатиялык чечим чыгаруу үчүн бүт аракетин жумшашы керек”, - деп билдирди.

- Иран анын өзөктүк энергия жаатындагы аракеттери жалаң жайчылык максатта экенин билдирип жатат. Эгер бул чын болсо, Тегеран эларалык коомчулукту да буга ишендириши керек. Бул үчүн ал бирге олтуруп, мунаса табуу үстүндө иштеши лаазым жана кепилдиктерди бериши зарыл, - деди Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад шейшембиде Иран уранды ийгиликтүү байытып жатканын айткан эле. Кытай да, Орусия да Иранды бул аракеттери үчүн сындап чыгышты. Бирок расмий Москва Иранга каршы күч колдонуудан оолак болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG