Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ЭДИЛ БАЙСАЛОВГО ОК АТЫЛДЫ, РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН ДЕПУТАТТЫГЫ АНЫКТАЛА ЭЛЕК, АКШ КРИМИНАЛГА АЙБАТ КЫЛДЫ


13-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин криминалга байланышы жана Эдил Байсаловго болгон кол салуу окуясын орчундуу чагылдырды.

“Алас” гезити ишембидеги криминалга каршы демократияны уюштургандардын бири Эдил Байсаловго ок атылды” деп жазат. Азыр Эдил Байсалов Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө. Анын айтымында, кайыш курткачан, жаш кыргыз жигити аткан. Кандай курал экенин билбейт. Биринчи таш менен урган экен деп ойлоптур. “Октун орду турат, бирок тирүүмүн” дейт Эдил Байсалов.

“Экс-президенттин тун кызы Бермет Акаева Москванын алдынан дүйнөлүк масс-медиа аркылуу ар кыл маалыматты таратып, атакесинин аброюндагы тактарды тазалоодо” деп жазат ушул “Алас” жумалыгы.

Ошондой эле ушул гезиттин маалыматы боюнча Кыргыз өкмөтү “Катрина” бороонунан жапа чеккен америкалыктарга кадимки боз үйдү сунуш кылып жатканын, боз үйгө сунуштаган баа 70 миң доллар экенин кабарлады.

“24-мартта митинг өткөрөбүз” деп тиешелүү уюмдарга, органдарга алдын ала билдирүү таратканбыз. Ошол күнү мени кечке чейин абакта кармашты. Ал эми Рысбек Акматбаев митинг өткөрдү эле. Аны мыйзамдуу митинг деп Президент Курманбек Бакиев өзү чыгып жолукту. Ал эми Эдил Байсалов баштаган коомдук уюмдар митинг өткөрдү эле бийлик тоготуп койгон да жок. Бийликти сындагандарга баягы эле Акаевдин учурундагыдай каматмай, коркутмай уланып жатат” дейт, “Алас” гезити аркылуу Кыргызстан патриоттук партиясынын баш катчысы Назарбек Нышанов.

“Жакынкы күндөрү биз өлкөнү тартипке келтиришибиз керек. Эгер мындай улана берсе, аягы эмне менен бүтөрүн өзүңөр деле байкап турасыңар. Бул саясий кол салуу деген ойдон күмөн санабайм” – дейт өкмөт башчы Феликс Кулов Эдил Байсаловго жолуккандан кийин” деп жазат “Апта” гезити.

Өткөн жуманын ишемби күнү Бишкекте жаңы бийликке карата алгачкы ирет мыйзамдуу “соңку” берүү катары тынчтык жүрүшү өткөнүн, бийлик бир чечимге келбесе 29-апрелде кайрадан криминалга каршы митинг болоорун “Апта” жумалыгы маалымдады. Ошол тынчтык митинги-жүрүшүнүн катышуучуларынын пикрилерин жарыялады.

“Бийлик эч качан криминалга жамынбасын” деген пикирин билдирди саясатчы Жыпар Жекшеев.

Криминалдын ачыкка чыкканы бүт Кыргызстанга дайын. Өлкөдө башаламандык, хаос, мыйзам деген көз көрүнөө иштебей жатат. Бийлик бутактарына коррупционерлер жыйылып кетти. Криминал өзүнүн тартибин ачыктан ачык орното баштады” деген пикирин “Апта” гезити аркылуу Жогорку Кеңешинин депутаты Мелис Эшимканов билдирген. Анын айтымында, 29-апрелде абдан чоң массалык саясий акция болот.

“Лица” гезити көмүр королу жана талаа командири аташкан Нурлан Мотуевдин бейенесин ачып, кеңири маектешүүнү жарыялады.

“Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей 2005-жылы Нурлан Мотуевдин жылдызы жанды. Атак-даңкты сүйгөн Нурланга оңдой берди болду. Нурлан өзүн белгилүү саяк, кыргыз Жириновскийи, көмүр падышасы жана талаа командири” деп тааныштырат. Ал өткөн жылы 24-мартта өлкөдө ыңкылап кандайча болгонун, Ак үйдү кандайча алышканын, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышындагы депутаттарды кантип коркутканын, жаңы бийлик элчилик кызмат сунуштаганын, Каракече, Жумгал элин көтөрүп чыкканын айткан.

“Рысбек Акматбаевди да, мени да эл Робин Гуд деп аташат. Ал да саяк, мен дагы саяк. Ал дагы Акаевдин режиминде куугунтукталган. Мен да Акаевдин режимине каршы күрөшкөм” – дейт “Лица” жумалыгына берген маегинде Нурлан Мотуев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG