Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИ КЫРГЫЗСТАНГА ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ДАЯР


Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынына Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчилери катышып келишти. Анда Кыргызстандын маселеси дагы талкууга алынып, жардам берүүнүн зарылдыгы айтылды.

Сеулда өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жана улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын кошмо жыйынына өлкөнүн олимпиада кыймылынын жетекчиси Мурат Саралинов баштаган чакан делегация катышты. Жыйынга 203 өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери катышып, ЭОКтун эки жылда аткарган иштери менен таанышты. 2008- жылы Пекин шаарында, 2010-жылы Ванкувер шаарында өтө турган жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга даярдыктардын жүрүшү менен кабардар болушту.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге Кыргызстандын өкүлдорүн жеке кабыл алып, 9 айдан бери жетекчиси шайланбай келген УОКтогу талаш-тартыштарга чекит коюлуп, кризистен чыкканын, кайрадан кызматташунун зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле дүйнөлүк улуттук олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын жетекчиси Марио Ранья да Кыргызстандын олимпиадалык кыймылын колдоого алаарын, жардам беришээрин билдирди. Мындан сырткары Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчилиги үчүн ЭОК бардык департаментинин иш-аракеттери менен тааныштырып, кызматташуунун жаңы багыттарын, өңүттөрүн айтып беришти. Эл аралык олимпиада комитетинин Сеулдагы жыйынына катышып келген өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов мындай деди:

-Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз ишмердүүлүгүн жашырып келишкен.Ошонун айынан спортчулар жабыр тартып, көп программалар аткарылбай, жардамдар жең ичинен жоголгон. Эми 20 программа боюнча жардам, семинар- кеңешме өткөрүүгө каражат жагынан ЭОК көмөк көрсөтмөкчү. Өзүбүзчө имарат алсак, аны оңдоого ремонттоого жана техникалык жабдуу алууга жардам беришээрин айтты .

Дүйнөлүк спорттун өнүгүш ыргагынан Кыргызстан ат чабым алыста калганын, ошондуктан улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчилери спортчулар үчүн эл аралык жардам, стипендияларды уюштуруунун зарылдыгын Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаров айтты.

-Жакынкы жылдары олимпиадалык оюндарды жеңген спортчулар чыгышы кыйын. Ал үчүн убакыт жана спортчуларга камкордук керек. Мурдакы жетекчи Эшим Кутманалиевдин көп жылдык эмгегин бир паста сызып салышып, өздөрүн мыкты көрсөтүп жатышат кандай иштешет аны мезгил таразалайт,-дейт С. Жуманазаров.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилиги Эл аралык олимпиада комитети, Азиялык олимпиадалык кенеши менен тыкыс иштебегендиктен жыйырмадай программа боюнча жардам, семинар- кеңешмелер жана башка иш- чаралар аткарылбай келгени сынга алынып, жаңы жетекчиликке олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү багыттары айтылды. Ушул иш чаранын алкагында май айында Кыргызстанга Европа олимпиадалык кеңешинин мүчөсү Мартин Бенко келип, өлкөнүн олимпиадалык кыймылын өнүктүрүүнүн программасын түзүүгө кеңеш бермекчи.

Ошондой эле май айында Ташкентте өтө турган Азия олимпиадалык кеңешинин жыйынында Кыргызстанга техникалык жардам берүү маселеси дагы каралмакчы. Ташкенттен кийин Азия олимпиадалык кеңешинин айрым жетекчилери Кыргызстанга расмий сапар менен келишип, жагдай менен жеринде таанышып чыгышат.

Өзүнүн имараты, спорттук базасы жок Улуттук олимпиада комитети кечээ
13-апрелде Кыргыз кесипчилик кошунунун имаратынан 2 бөлмөнү арендага алып, иш-аракеттерин үзгүлтүккө учуратпай турган учуру. Мурунку жетекчилик бардык эмерек, техникалык жабдууларды өздөрү менен кошо ала кетишкен. Учурда быйыл декабрда Катардын Доха шаарында өтө турган 15- Азия оюндарына даярдык көрүү улантылууда.

Сүрөттө : Кыргызстан Улуттук олимпиада комитетинин Президенти Мурат Саралинов жана Эл аралык олимпиада комитетинин Президенти Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG