Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

НАРЫН : КЫЛМЫШТУУЛУКТУ ТЫЙБАГАН БИЙЛИККЕ КАЛК НААРАЗЫ


Нарын шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсаловго кол салууну нарындыктар кылмыштуулуктун чокуга чыккан фактысы катары айыпташууда. 13-апрелде уюшкан кылмыштуулукка каршы нааразылык чарасын өткөрүшүп, эсирген ээнбаш топторго каршы чечкиндүү чара көрүүнү бийликтен талап кылышты.

Пикеттин катышуучулары президент Курманбек Бакиевге жазган кайрылууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын камсыз кылууну, криминалдуу базар парламентин таркатууну жана Конституциялык реформаны эртерек баштоонуу талап кылышкан.

- Бул жөнөкөй гана Эдил Байсаловго болгон кол салуу эмес, бул Кыргызстандын келечегине, өсүшүнө салынган кол – дейт "Муназа" коомдук уюмунун лидери Бакыт Рысбеков.

Компартия мүчөсү Асыл Жаманованын айтымында - Демократия жана жарандык коомунун президентине кол салуу, бул жалпы журтка, калкка, энелерге, жаштарга кол салууга тете кылмыш.

- Айланайындар Акаевдин тушунда дагы демократия бар болчу, Бакиев аксакал келгенде демократия жоголду. Азыр эмне кыйнап атат? Азыр бизди криминалдар, бийликке келген адамдар кыйнап атат. Биз азыр курчуп баратабыз. Биз революцияга даярбыз, -деди Нарын районундагы Онарча айылынан келген Төлөгөн Касымалиев.

Пикетте жаштар да пикирлерин айтышты:

- Биз жаштар тынчтыкты, криминалсыз жашоону калайбыз. Жогоруда отургандар бардыгы криминалга кошулбай өздөрүнүн ишин билип, өздөрү менен өздөрү иштесе деп ойлойбуз – деген үмүтүн билдирди Самат Кайрылбаев аттуу жигит.

XS
SM
MD
LG