Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстан-Москва комиссиясы алака-катышты ар-тараптуу өнүктүрүү маселелерин талкуулайт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Москва өкмөттөр аралык комиссиясынын отуруму ишин баштайт. Эки күн боло турган бул жыйында соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий маселелер талкууланат. Алардын ичинде Эл аралык «Ысыккөл» аэропортун курууга, москвалык курулуш компаниясына Бишкекте көп кабаттуу үй куруп берүү үчүн жер бөлүп берүүгө, айыл чарба азыктарын Москвага сатууга байланышкан маселелер бар. Отурумга катышуу үчүн Москва шаар өкмөт башчысынын орун басары баштаган жыйырма эки киши келди.

XS
SM
MD
LG