Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ШАМАЛ ОҢДОН ДА, СОЛДОН ДА СОГУУДА


Апта соңундагы кыргыз гезиттери криминалдын бийликке умтулуусу, жарандык коом уюмунун жетекчиси Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуунун чоо-жайы, кедей өлкөлөрдүн карызын кечип коер HIPC демилгесине кошулуу-кошулбоо сарсанаасы тууралуу арбын жазды.

Жарандык коомдун таанымал жетекчилеринин бири Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуу саясий себеп-жагдайга барып такаларын жума күнкү гезиттердин дээрлик баары жазышты. «Албетте, бул менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу. Анткени жалпы коомчулукка белгилүү да, акыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы, ошондой эле азыркы бийликтегилердин кетирип жаткан оркойгон кемчиликтерине кескин сын айтып жатпаймынбы», дейт Э.Байсаловдун өзү «Агым» гезитинде жарыяланган маегинде.

Парламент депутаты Б.Шерниязов Э.Байсаловго тийген ок коррупция менен криминалга каршы күрөшкөн жалпы коомчулукка каршы атылган ок деп эсептейт. Криминал баш көтөрүп, ага каршы күч органдары күрөшпөй жатканын депутат Өмүрбек Бабанов да да ырастаган. «Агым» гезитинде мындан сырткары депутат Д.Садырбаевдин «Кыргызстанды криминал башкарып жатат», Ш.Назаралиевдин «Кайсы арыңа погон тагынасың?» деген макалаларына да орун берилген.

Э.Байсаловдун өмүрүнө кол салуунун чоо-жайы так иликтенбесе ал аркыл божомол-жоромолдорду жараткандан башкага жарабасы, бул окуя барып-келип өлкөнүн эларалык аброюна таасир көрсөтөрүн жума күнкү МС»» гезити да козгоду.

Криминалдын дымагы күчөп баратканына чет өлкөлөр да кабатыр болуп жатышканы «Бишкек таймс» гезитиндеги Максат Бейшеналиевдин «Баучер Кыргызстанга келип кетти» деген макаласында баяндалган.

Кыргызстанды улутуна күйгөн жетекчилер гана башкара алат, деп белгилейт «Кыргыз руху» гезити жаңы санында. Басылманын ырасташынча, Бакиев-Кулов мунасасынан натыйжа чыгышы күмөн. Биз баарыбызы тандемге сүйүнүп атканда бирөө келип: «Эрте сүйүнүп атасың, булардын бирөөсүнүн аялы орус, бирөөсүнүн өзү орус экен, кыргыз жыргабай калды деген эле». Гезиттин мына ушул редакциялык макаласы «Кыргыздын бир гана мекени бар. Ал – Кыргызстан» деген аталышта жарык көргөн.

«Биз бүгүн криминал темасында гана сүйлөшүп калдык, ошону менен сөздү коррупциядан алыстатып баратабыз», деп жазат ушул эле гезитте А.Бостон деген автор.

Жума күнкү «Аалам» гезити Э.Байсаловдун айланасындагы окуяларды «ыксыз» саясий-шоу катары катары сыпаттады. «Биринчи атты деп чуу түшүшүп, анан урду деп чыгышты», дейт гезит автору «Байсаловдун башы жөн баш эмес же кезектеги саясий шоу» жыттанабы?» деген материалында.

Кыргызстандын тыш карыздарынын кайгайы ушу тапта көпчүлүктү ойлонткон маселеге айланганын жума күнкү «Жаңы ордо» гезити жазып чыкты. Дүйнөнүн эң кедей 28 өлкөсүнүн баш-аягы 28 миллиард доллар карызын кечүү белгиленген. Эгер Кыргызстан ага кирсе тыш карызынын 60% азайып, эларалык каржы уюмдарынын акчасын кайтарып берүү кыйла жеңилдей түшмөк.

Өкмөт мүчөсү партияда боло алабы? Жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити мына ушул суроого жооп издеген. Өнөр жай, соода жана туризм министри А.Атамбаев пресс-кызматы аркылуу партиялык ишин таштабай тургандыгын жарыя кылды. Президент К.Бакиев аткаруу ишине тоскоол кыларын белгилеп, өкмөт мүчөлөрүнөн партия жетекчилик кызматын убактылуу токтото турууну талап кылган болчу, деп маалымдайт гезит кабарчысы Д.Юсупов .
XS
SM
MD
LG