Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ӨМҮРБЕК АБДРАКМАНОВ : “БИР АДАМГА АЛЫ ЖЕТПЕГЕН ЭМНЕ ДЕГЕН МАМЛЕКЕТ»


Кыргызстандын Ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Өмүрбек Абдракманов өлкөдөгү соңку окуялар боюнча «Азаттыкка» таңкы маекке чыгып, пикир бөлүштү.

- Кечээ өкмөт уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселесин талкуулаган жыйынга сиз өзүңүз да күбө болуптурсуз. Өкмөттүк жыйындан улам 94-жылдар эсиме түшүп жатат, анда да Бишкектин көчөлөрүнүн биринде гранатомет атылып, машине менен экинчисин кууп атышкан учур эле. Кудум кечеги жыйында ошол учурда өкмөт отурумунда ошондой маселелер көтөрүлүп, ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов өкмөткө криминалитет таасир көрсөтүп калды деп айтканы менин эсимде.

Бирок, анда алгачкы капитал топтолуп, мүлк, байлык бөлүштүрүү, ар бир бизнесмен өзүнө “крыша” кармап жүрүүгө мажбур учур эле. Ошол эле учурда саясатчыларга кол салуу фактылар болгон эмес. Эми мына он жыл ашуун убакыттан кийин ошол кездегиге окшош кырдаалдын жаралышы мүлк бөлүштүрүү токтой элек дегендикпи, же былтыркы бийлик алмашуудан кийин жаралган боштондуктун кесепетиби, же азыркы жагдай ошондогудан башка айырмасы барбы?


- Бул марттагы бийлик алмашуудан кийин чыккан баш көтөрүү болуп эсептелет. Анткени жаңы бийлик өзүнүн бийлик жүргүзүүсүнүн багытын таба албай атышат. Кыргызда көк мээ кой деп коет, ошол сыяктуу тегеренип, чимирилип эле атышат. Бирок кайсы багытта кетиш керек, кайсы тарапты көздөй жылыш керек, ошонусу жоктой сезилип атат.

Кечээ мен өкмөттүн жыйынына катыштым, өкмөт башчысы Куловдун криминалитетке болгон каршылыгын билесиздер, ошол киши күйүп-бышып ушул маселени алып чыкты. Бирок мени эң таңкалдырган нерсеси - бул өкмөт мүчөлөрү өзгөчө деле эч нерсе болбогондой ойлорун айтканы мени абдан таңгалдырды. Семененко деген киши бар экен, мындай окуялар боло берет, ансыз деле минтип-тигинтип атпайбы, Байсаловго болгон кол салуу боюнча бул учурдагы эле нерсе деп жайгарып атат.

Ал эми ден-соолук министри болсо, бул жерде эң негизгиси окпу же таш тийдиби, ошону билиш керек деп техникалык себептерин айтып атат.

- Криминалитет 90-жылдардын башында мүлк бөлүштүрүүнүн айынан көтөрүлсө, азыр эмне себептен улам баш көтөрүп атышат, максаты эмне болушу мүмкүн?

- Өкмөттөгү адамдарда ошону жактырган, криминалитет менен байланышы бар деп ойлоп атам. Антпесе ушунчалык армиясы туруп, милициялары, КГБ, прокуратурасы туруп бир адамга алы жетпеген бул эмне деген мамлекет.

Мен комсомолдо иштеп жүргөндө айылда бир иним теңтектик кыла берчү экен, элдер бир нерсе десе эле Кремлде киши бар дечү экен. Мен барсам туугандар айтты, бул иниң таптакыр тентек болуп атат, бир нерсе десек эле Кремлде киши бар дейт. Мен кармап алып, кулагынан үзүп, көчүккө тээп, экинчи мындай кылсаң мен сени өлтүрөм деп тыйган болчумун.

- Кечеги жыйында вице-премьер Мадумаров белгилүү мөөнөткө милицияга, укук коргоо органдарына өзгөчө ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө сунуштарды көтөрдү. Сиз милициянын, укук коргоо органдарынын ыйгарым укугун кеңейтүү жагын колдойсузбу?

- Кеп ыйгарым укуктарында эмес болуш керек. Бандиттерди жоготуу жөнүндө закондо жазылган, мүмкүнчүлүк да бар. Ошол эле Мадумаров ошол эле криминалдардын тоюна барбады беле. Тоюна барып алып ошол жерден биздин мамлекеттин өкүлү болуп, төрүндө отуруп, беш бармагын жеп отурбады беле. Бир жагынан аларды колдоп, бир жагынан аларды жок кылып коюш керек экен.

- Байсалов мырзага кол салуу окуясына келсек. Анын себебин анын саясий ишкердигине, коомдук активдүүлүгүнө байланыштырып жатат. Ушунун артында кандай күчтөр турушу мүмкүн?.Мисалы, кече талкууланган кабарларга ишенсек, президент Бакиев Кулов менен жолугушуусунда, бул экөөбүздүн тандемибизге шек келтирүүнү көздөгөн, дегеле азыркы бийликтин аброюна көө жабууну көздөгөн башка күчтөрдүн да аракети болушу мүмкүн деген көз карашын билдириптир.

- Эч кандай башка күчтөр эмес. Анткени биз 8-апрелде криминалга каршы Бишкекте жүрүш жана митинг уюштурганда өкмөттөн бир да адам кызыгып койгон жок. Кызыкмак турсун, шаардын мэрине команда беришип, силер буларга каршы тургула, жолдорун тоскула деген командалар Ак үйдөн чыккан. Демек ошол митингге ким каршы өзүнөн өзү эле белгилүү болуп калып атат. Азыркы биздин бийлик жана криминал экөө каршы болду ошол митингди өткөрүүгө. Демек ачыктан-ачык болуп турбайбы, же криминал, же бийлик Байсаловго кол салды, андан башка кайда үчүнчү күч болушу мүмкүн. 29-апрелде криминалга каршы дагы бир жүрүш жасайлы десек, бийлик дагы эле каршы болуп атат.

- Кечээ өкмөт жыйынында ички иштер министринин орунбасары Субаналиев криминалитеттин өкүлдөрүн жек көргөн айрым милиция кызматкерлери алтурсун арыз жазбай жатышат деди. Ал эми азыр рэкетчилик бар экенин ырастап, рэкетчилерге кабылган ишкерлер да арыз жазуудан коркуп жатканын айткан эле. Сиз белгилүү ишкерсиз, мисалы сиз рэкетчиликтин көрүнүшүн өзүңүз жон териңиз менен сезген жоксузбу?

- Кечээ өкмөт башчылары туура эмес пикирде болуп атышты. Анткени, кичинекей катардагы милициялар, райондогу милициялар кантип арыз жазышат. Алардын үй-бүлөсү, балдары бар. Эртең дагы аларга жашоо керек. Ошолор жалгыз күрөшөбү криминалитет менен. Биздин бийлик билбейби алардын ким экенин. Кыргыздар азыр титиреп турушат. Ошол жердегилер аттарын айта албай атышат. Кичинекей майда кишилерди кызматтан кетебиз деп коркутуп атышат.

Рэкет деген жалаң эле жогорку криминалитет эмес. Жогорку криминалитет баш көтөргөндө ылдый жактагылары да чыгат экен да. Ар бир комокко барып рэкет кылгандар толуп кетет экен. Жалпы мамлекеттик бийликтин криминалитетке каршы болгон аракети жок болуп атпайбы?

- Демек, сиздин көз карашыңызда азыр рэкетчилик көрүнүш Кыргызстанда өкүм сүрүп жаткан турбайбы?

- Кадимкидей эле өкүм сүрүп атат.

XS
SM
MD
LG