Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

И.РЫСАЛИЕВ: ХИПИК ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖОГОТУП АЛАБЫЗ


Аманбек Жапаров,Бишкек Айрым көз карандысыз экономисттер Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасы менен Эл аралык валюта кору Кыргызстанды тизелетип көз каранды кылат деген пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айтымында, президент Курманбек Бакиев өткөн жылы Хипик программасы Кыргызстандын тышкы карызын чынында эле кече турган болсо кур намысты таштап, “кара түскө” боенуп алып барууга макул экенин тамаша-чынга аралаштырып айткандан бери, өкмөт Хипик программасына кирүү аракеттерин көрүүдө.

Каржы жана экономика министрлигинин билдиргенине караганда, экономика тармагындагы адистер Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасынын шарттарын, анын талаптарын терең изилдеп билүү максатында иш алып барышууда. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, президент Курманбек Бакиев ар кандай финансылык программалар менен иштөөнү сунуштаган.

Былтыр биздин президент Курманбек Бакиев кайсы программа болбосун иштеш
керектигин айткан : “Мен президент болуп турганда өкмөттүн кепилдиги менен кредит албайбыз. Муну дагы бир тастыктап коеоюун. 2 млрд. доллар 2005-жылдын 1-январына чейинки карыздар. Эгерде биз ал тышкы карыздарды кечирбесек, экономикага инвесторлорду алып келе албай жатабыз. Реалдуу түрдөгү секторду көтөрүп кете алуучудай эмеспиз".

Министр Акылбек Жапаров белгилегендей, Хипик программасы менен тышкы карыздарды кечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал программа менен толук таанышып чыккандан кийин аны кабыл алуу же албоо боюнча коомчулукка, Жогорку Кеңешке кайрылышат. Ал учурда кыргыз өкмөтү Хипикке кирүүнүн алдында турганын, бирок программага кирдик деген чечим кабыл алынбаганын билдирди.

Ал эми Монополияга каршы агенттиктин төрагасы Иманкадыр Рысалиевдин айтымында, жоктун жону жука дегендей Кыргызстан Хипик программасына кирсе тескерсинче кен-байлыктарынан, электр тармагынан кол жуушу ыктымал:

-Хипик программасынын бир тыйын пайдасы жок. Ал эми зыяны болсо Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучун келтирет.

Иманкадыр Рысалиев ошондой эле Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк АКШнын финансы уюмдары болгондуктан, алар жакыр мамлекеттерге жардам беримиш болуп, көз каранды кылып салуу максатын көздөйт деген сын көз карашын билдирди.

Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюта кору тарабынан 1996-жылы уюштурулган Хипик прогрммасынын пайдасынан зыяны көп экенин Тышкы иштер министрлиги да өкмөткө расмий билдирген. Ага мисал кылып Африкадагы жакыр мамлекеттерди атаган. Эл аралык валюта корунун маалыматына караганда Хипик программасына кирген 38 жакыр мамлекеттин 97 пайызы Африкадагы өлкөлөр.

XS
SM
MD
LG