Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Эки акимдин кызматтан алынышына нааразы эл Ошту көздөй жөнөдү


ОШ.Облус губернатору Адам Закиров президент Курманбек Бакиевдин Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асрановду жана Өзгөн районунун акими Үсөн Абдыраимовду кызматтан алуу жөнүндө жарлыгы даярдалып жаткандыгын билдирген соң, аталган акимдердин экөө тең мындай чечимге каршы экендиктерин билдиришкен. Эки акимдин кызматтан алына тургандыгы жөнүндө маалымат тез эле таркап, эки райондон тең президенттин мындай чечимине каршы болгон 500дөй адам Ош шаарын көздөй багыт алгандыгы жөнүндө маалыматты Өзгөн районунун акиминин жактоочуларынын бири Орозбек Тилекматов «Азаттык» радиосунун кабарчысына телефон аркылуу билдирди. Бул маалыматты кызматтык иши менен Каракулжага барып кайткан Ош облусунун губернаторунун маалымат катчысы Алишер Токсонбаев да тастыктады. Ал эми Ош облусунун губернатору Адам Закиров менен байланышканыбызда, ал эки аким тең расмий түрдө кызматтан алына электигин, бирок ушундай сунуштар талкууланып жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG