29-апрелде Социал-демократиялык партиясы, «Демократиялык күчтөр биримдиги», «Арнамыс» сыяктуу айрым партиялар, "Интербилим", «КелКел», «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы баштаган бейөкмөт уюмдар бир катар талаптар менен кайрадан акцияга чыгышат. Бул ирет 8-апрелде Бишкекте болгон жөө жүрүштөгү талаптар кайрадан коюлмакчы.
Бул маселе Кыргызстан демократиялык күчтөрү биримдигинин 15-апрелде Бишкекте өткөн жыйынында дагы бир ирет такталды. 29-апрелге камдануу максатында демократиялык күчтөр Бишкекте өз штабын түзөт жана ал координациялык милдетти аткармакчы.
Демократиялык күчтөр жеке эле Бишкекте эмес, облустарда дагы саясий акцияларды уюштурууну болжоп жатышат. Анын аралыгында 22-апрелде Талас шаарында чоң жыйын өткөнү турат. Жогорку Кеңешке Талас аймагынан шайланган депутат Болот Шерниязов ал күнү негизги талап «Жерүй» алтын кенин тезинен ишке киргизүү болот жана 29-апрелде Бишкекте өтө турган акцияга таластыктар да катышат деген пикирин «Азаттыкка» минтип билдирди:
Эки маселе коюлат. Биринчиси- Талас элинин көйгөйү болгон «Жерүй» алтын кени, ал кимдин жеми болуп атканын ачык-айкын билели деп атабыз. Экинчиси- ошол эле кенди иштеткенге экологиялык коопсуздуктун кепилдигин талап кылып жатабыз. Жыл башында «Жерүй» кенин иштетүү токтотулган, азыр 700дөн ашык адам жумушсуз калды. Бакиев да, өкмөт да өз сөзүнө турган жок .
Демократиялык күчтөр буга чейин Президент Курманбек Бакиев башында турган бийликтен 7 талапты жакын арада аткарууну талап кылышкан болчу. Ал талаптар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, былтыр Курманбек Бакиев президент болоор алдында берген убадалар, бирок алар эмдигиче аткарыла элек.
Буга байланыштуу «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:
Биздин эң башкы талап - өлкөдө конституциялык реформа тездетилсин, административдик-аймактык реформа жүргүзүлсүн, сот реформасы жүргүзүлсүн, мыйзамдуулук сакталсын. Бул талаптар 24-марттагы ыңкылапта коюлган .
Демократиялык күчтөрдүн эң негизги талаптарынын бири - Социал-демократиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаевдин пикиринде, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн бийлик органдарына аралаштырбоо, өткөрбөө:
Жалпы митингди биз 29-апрелде өткөрөбүз. Бирок, биз бейөкмөт уюмдардын бүгүнкү күндөгү бийлик менен кылмыш топторунун биригүүсүнө карата тынчсыздануусун колдойбуз. Анткени, эгерде бийлик ага жол бербесе, криминалдык чөйрө минтип башын көтөрө алмак эмес,- дейт Алмаз Атамбаев.
Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Өмүрбек Абдрахманов саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын буга окшогон талаптарын ишкерлер чөйрөсү да колдой тургандыгын айтты:
Биз ишкерлер да бул талаптарды колдоп атабыз. Анткени, өлкөдө стабилдүүлүк болмойунча, экономикалык өнүгүү болбойт .
«8-апрелде демократиялык күчтөр уюштурган жыйында айтылган талаптарды азырынча бийлик аткара элек. Андан кийин Эдил Байсаловго кол салуу уюштурулду, бирок биз талаптарыбызды коё беребиз», - деп билдирди «Азаттыкка» ЖК депутаты Мелис Эшимканов.