Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Демократиялык күчтөр 29-апрелде саясий акция өткөрөт


БИШКЕК. Социал-демократтар, «Ар-намыс», Демократиялык күчтөр биримдиги сыяктуу айрым партиялар жана «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалиция, «Интербилим», «Кел-Кел» сыяктуу бейөкмөт уюмдар 29-апрелде дагы бир саясий акция өткөрүшмөкчү. Ага даярдык көрүү максатында Бишкекте штаб түзүлмөкчү. Бул маселе бүгүн Кыргызстан демократиялык күчтөрү биримдигинин жыйынында чечилди. Акцияны уюштуруучулар буга чейин Президент Курманбек Бакиев башында турган бийликтен 7 ишти жакын арада аткарууну - конституциялык реформа жүргүзүүнү, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү, укук коргоо органдарын реформалоону талап кылышкан эле.
-Бул талаптарды койгондон кийин Эдил Байсаловго кол салуу уюштурулду, бирок биз талаптарыбызды коё беребиз,- деп билдирди «Азаттыкка» депутат Мелис Эшимканов.

XS
SM
MD
LG