Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Иракта бүгүн Саддам Хусеиндин соту уланат, ал эми парламент жыйыны токтотулду


Саддам Хусеин жана анын жети шериги 1982-жылы мурдагы президенттин өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин 148 шийитти өлтүргөнү үчүн айыпталууда. Бүгүнкү сот жараянында прокурорлор мурдагы диктор менен анын шериктеринин ушул кылмышын далилдеген документтерди көргөзөрү күтүлүүдө.
Ал эми мунун аралыгында өлкөнүн жаңы парламентинин бүгүнкүгө белгиленген жыйыны кайрадан токтотулду. Бул тууралуу парламент спикеринин милдетин аткаруучу Аднан Пачачи билдирди. Буга өкмөт түзүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдүн али туңгуюктан чыга албай жатканы себеп болду.

Парламентте басымдуулук кылган шийиттер премьер- министрликке азыркы өкмөт башчысы Ибрагим ал-Жафаарини көргөзбөөгө көнгөнү менен шийит, суннит жана күрд партиялары эми парламент төрагалыгына талапкерди макулдаша албай жаткандай. Ал эми кечээги жардыруу менен кол салуулардан Иракта 30тан ашуун киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG