Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

РИМ ПАПАСЫ ДҮЙНӨДӨГҮ ЧАТАКТАРДЫ ТЫНЧ ЖОЛ МЕНЕН ЧЕЧҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Дүйнө католиктери жана батыштык башка чиркөөлөрдүн жолун жолдогондор бул күндөрү Пасха майрамын белгилешүүдө. Майрамга байланыштуу кечээ Ватикандагы Ыйык Петр аянтында чогулган миңдеген сыйынуучулар алдында Рим Папасы Бенедикт XVI кайрылуу жасады жана өз сөзүндө дүйнөдөгү чыр-чатактарды тынч жол менен чечүү зарылдыгын белгиледи.

Дүйнөдө католик чиркөөсүнүн жолун жолдогондордун саны эле 1,1 миллиард адам. Рим –католик чиркөөсүнүн башчысынын Пасха майрамына байланыштуу жыл сайын жасалуучу салттык кайрылуусу – "Урби эт орби" деп аталат.

Ватикандагы Ыйык Петр аянтында анын сөздөрүн он миңдеген адамдар укту. Кайрылуусунда Рим Папасы дүйнөлүк проблемаларга, эл аралык саясаттын айрым маселелерине да токтолду.Террорго каршы күрөштөгү глобалдык кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи. Ирандын өзөктүк программасынан улам чыккан тирешүүнү сүйлөшүү аркылуу чечүүгө үндөдү:

Өзөктүк энергия менен байланыштуу кризистерге келсек, олуттуу жана чынчыл сүйлөшүүлөр аркылуу тараптардын баарын канааттандырган чечим табылсын. Террорчулуктун коркунучунан кутулуу үчүн түрдүү улуттар, маданияттар менен диндердин жарнакташып жашоосуна жетишүү жолунда дүйнө өлкөлөрү менен эл аралык уюмдардын лидерлеринин кубаты артсын.

Ал ошондой эле Израилдин жашоого укугун коргоо менен катар эл аралык коомчулукту палестин элине, келечегин куруу үчүн жардам берүүгө чакырды. Бул - азыркы Папа Бенедикт XVIнын Пасха майрамы үчүн өткөргөн алгачкы диний жөрөлгөсү болду. Себеби ал Папанын тактысына былтыр келген. Католиктер үчүн, маселен, былтыркы Пасха майрамы мурдагы Папа Иоан Павел Экинчинин саламаттыгы начарлап кеткенин көлөкөсүндө калган эле. Ал Пасха жумалыгын аралыгында элге бир эле жолу чыккан болчу жана былтыр 2-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Адатта Пасха майрамы учурунда дүйнөдөн миңденген сыйынчуулар Жакынкы Чыгышка, атап айтканда Иерусалимдеги ыйык жайларга жана Иордандын Батыш жээгинде, Иса пайгамбар туулган жер катары саналган- Вифлеем шаарына да барышат. Израилдин бийликтернинин билдиргенине караганда, быйыл Иерусалимге Пасханы утурлай 90 миңдей зыяратчы чогулду. Провослав чиркөөсүнүн жолун жолдогондор болсо Пасханы бир аптадан кийин майрамдайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG