Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

“АТАЛАР КЕРЭЭЗИ” КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН СЫНЫНА КОЮЛДУ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бишкектин «Октябрь» кино театрында жаш кинорежиссер Нурбек Эген тарткан «Аталар керээзи» кинотасмасы көрүүчүлөргө тартууланууда. Эл аралык долбоор менен ишке ашкан кыргыз тасмасы жакында Лос-Анджелесте өткөн кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Кинотасманын мазмуну жана анда ойногон актерлердун аткарган ролдору көрүүчүлөр арасында кызуу талкууланууда.

Кинорежиссер Нурбек Эгендин алгачкы толук метраждуу “Аталар керээзи” аттуу көркөм тасмасы кино экрандагы шуулдаган шамалга жалбырактары дирилдеген мазар даракты көрсөтүүдөн башталып, ак элечек мөңгүлүү Алатоонун көк челген чокуларына барып кадалат. Кереметтүү тоо кыркалары, карагайлуу капчыгайлар көздүн жоосун алып, табийгаттын сулуулугуна куштар болуп жан дүйнөң менен тартыла баштаганда үйүр жылкылардын жал куйругун шамалга ыргытып, арыш керип боор беттеп баратышы жер дүңгүрөтөт.

Жылкыларды имере тартып аргымакчан жигит, үйүр башкарган айгырдын жолун торойт. Экрандагы мына ушундай көрүнүш Парижде жашаган Айдар аттуу кыргыз жигитинин түшүнө кирип, ал түшүндө чочуп ойгонот. Анын туулуп өскөн айылына, кереметтүү кыргыз жерине болгон сагынычы күкүрөгүн тээп, ата бабалары жөнүндө айтылуучу уламыш көз алдына келет. Айдар Париждин супа салып бараткан таңында эки жылдан бери чогуу жашап жүргөн Изабелла аттуу кызга үйлөнүү керек деген чечимге келет. Ал айылда жашаган ата-энесине Франциядан келинчек алып бара тургандыгы тууралуу телеграмма жиберет. Ошентип окуя кыргыздын бир тепкедей болгон айылында өтөт.

Кыскасы үйлөнөм деп алып келген франсуз кыз Изабелланы бүлө кылып алууга Айдардын атасы, анын урук-туугандары каршы болот. Себеби Айдардын жети ата өткөн бабасы улуксатсыз хандын кызына үйлөнөм деп каргышка калгандыгы тууралуу уламыш бар экен.

Кино экранда айылдагы кыргыздардын жупуну жашоосу, күнүмдүк көр-тирилиги. Ичкиликке алагүү болуп алышкан айылдык жигиттер. Айдар үйлөнсө анын келинчегине берилүүчү белектер сакталган эски сандык кадр тизмегинен өтөт. Муундар арасындагы келишпестик, ата-бабалардан бери келаткан насыл нарктын бузулушу, эки жаштын ортосундагы кейиштүү окуяны чагылдырган кино тасманын соңунда Айдар менен Изабелланын сүйүүсү жеңет.

Эл аралык долбоордо тартылган биз кеп кылып жаткан кино тасманын негизги идеясы Батыш менен Чыгыштын маданиятынын айкалыштырууга аракет жасалгандыгы көрүнүп турат, дейт Кыргыз эл артисти Клара Ажыбекова. Анын пикиринде көркөм тасмадагы режиссердук ой-жүгүртүү философиялык өңүттө чечилген. Кинооператор жаратылыштын кооздугун тартуу менен айылдагы бир ууч элдин кулк мүнөзүн ачып берүүгө аракет кылган.

Бишкектин тургуну Зулайка Ашымованын көз карашында, бул көркөм тасмада кыргыздын терс жактары орой көрсөтүлгөн. Маселен, арак ичкен түркөйлүгү, зөөкүрлүгү, жашоо агымынан артта калган социалдык жардылыгына жасалма басым жасалгандай пикир калтырат. Чыгарманын сценарийинин автору орус кызы Екатерина Тирдатова кыргыз айылындагы турмушту, жашоо чөйрөсүн, жөнөкөй адамдардын жашоого болгон көз карашын жакындан билбегендигинен кинодо кыргыз улутунун жакшы каада-салты, нарк насили, башка улуттарда жок касиеттери ачылбай калган, дейт Зулайка Ашымова.

Көркөм тасмадагы айрым майда кемчиликтерди эске албаганда кинорежиссер Нурбек Эгендин эл аралык кино өнөрүнө аралашканы кыргыз киносунун келечеги кең экенинен кабар берет.

-Бул кинотасма сапаты жагынан, мазмуну жагынан эл аралык кино өнөрүнүн деңгээлинде тартылыптыр. Ошондуктан кыргыз киносунун келечеги буюрса кең экендигине чындап ишенип калдым,-дейт көрөрман Илимбек Калмуратов.

«Аталар керээзи» кино тасмасында башкы каарман Изабелланын ролун ойногон Франциянын жылдыздарынын бири Наташа Ренье эң мыкты актерлук чеберчилигин көрсөтө алган. Кинодогу башкы каарман Изабелланын мүнөзүнө таандык карапайымдыгын, башка улуттун өкүлү болуп туруп, эзели тааныш эмес чөйрөнү түшүнүүгө аракет кылганын, Айдарга болгон таза сүйүүсүн турмуштагыдай ишенимдүү алып чыккан. Анын өнөгү болуп ойногон «Тунгуч» театрынын актеру Болот Тентимишов Айдардын ролун абдан ийкемдүү, жогорку деңгээлде алып чыккан. Наташа Ренье франсуз тилинде ойноп, кыргыз актерлору менен бир ансамблди түзө алган.

-Чыгармачылыкта тилмечтин деле кереги жок экендигине ынандым. Наташа франсузча сүйлөгөнү менен анын мамилесинен, көз карашынан, кыймыл аракетинен эмне деп атканы түшүнүктүү болуп турду. Аны менен бир киного түшкөнүмө сыймыктанам. Мыкты актриса экен. Кыргыздын киносуна чыйыр салган биринчи чет элдик актрисалардын бири. Ошонусуна ырахмат,-дейт Юсуп почточунун ролун ойногон актер Асан Аманов.

Кинорежиссер Нурбек Эген менен жолугушуп кепке тартканымда, ал учурда жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын, буюрса эки жылдан кийин Кыргызстанда дагы бир кинотасма тартарын билдирди. Ата мекенинен алыста жүрсө дагы насили кыргыз деп турарын, кино өнөрү аркылуу улуттун жүзүн дүйнөгө алып чыгуу негизги максаты экенин билдирди.

«Аталар керээзи» кино тасмасындагы башкы каарман Изабелланын ролун аткарган Европадагы белгилүү франсуз актрисасы Наташа Ренье чыгармачылык сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкекте өтүп жаткан кинотасманын бет ачарына келе алган жок. Бирок продюсеринен Кыргызстанды чындап сүйүп калгандыгын билдириптир.

Биз кеп кылып жаткан көркөм тасма Россияда көрсөтүлүп үч миллионго чукул көрөрман көрүптүр. Бул фильмди Бишкекте жана облус борборлорунда көрсөтүүнү Москва өкмөтү колго алып, каржылык чыгымын көтөрүптүр.


Сүрөттө: «Аталар керээзи» тасмасындагы Айдардын ролун ойногон актер Болот Тентимишев.
XS
SM
MD
LG