Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

ТЕМИР САРИЕВ : ЖАҢЫ БИЙЛИККЕ ЭЛ АРАСЫНДА ИШЕНИМ ЖОК, КОРКУУ БАР


Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев 17-апрелде «Азаттыктын» таңкы маегине чыгып сүйлөп, 420 миң доллардын доосуна байланышкан сот чыры, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөш жөнүндө өлкөдө болуп жаткан саясий окуялар боюнча ой бөлүштү.

-Мына азыр эле мамлекетке таандык 420 миң долларды уурдашкан деп айыпталып жаткандар жөнүндө макала кетти, аны сиз уктуңуз болушуңуз керек. Анда улуттук банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбанов да айыпталып жатат. Бул Кыргызстандагы негизги окуялардын бири. Сиз бул ишти коррупцияга каршы күрөштүн бөлүгү деп ойлойсузбу, же башка дагы аныктамасы барбы?

- Башка аныктамасы бар. Сиздер билесиздер 2005-жылы 24-марттан кийин атайын комиссия түзүлүп, ошол убактагы вице-премьер Данияр Үсөнов жетектеп, абдан чоң билдирүүлөр жасалган. Ошондо айтылды эле бул миллиард деген сомдорду, миллион деген долларларды бийликтеги адамдар жеп кеткен, ошонун баарын биз жакын аранын ичинде таап, мамлекеттин казнасына түшүрөбүз дешкен. Бирок тилекке каршы, ошондон бери бир дагы иш болгон жок. Улам катуу билдирүүлөрдү жасап коюп, акырында Данияр Үсөнов Жогорку Кеңештин сессиясынан бекитилбей кетти. Анткени, негизги себептеринин бири болуп ал популисттик сүйлөөлөрдүн негизинде эч жыйынтык чыкпаган билдирүүлөрдү жасай берген.

Ал кеткенден кийин бийлик кандайдыр бир кыймыл аракеттерин актоо үчүн 420 миң доллар жөнүндө абдан чоң расмий билдирүүлөрдү жасап, ушул негизги коррупционерлердин бири деп айтышып, ушул ишти сотко чейин жеткиришти. Мүмкүн сот өзүнүн акыркы сөзүн айтаар. Бирок айтып кете турган нерсе, 420 миң доллар боюнча ачык-айкын өкмөттүн токтому кабыл алынып, ошол убактагы казначей, каржы министри, Улуттук банк тарабынан аткарылган. Бул Баткен окуяларына берилген деген акча болгон. Кандайдыр бир себептер менен кыргызчылык кылып, актыларын түзбөй калышса керек, бирок бул расмий баары билинип, атайын токтом менен кабыл алынган.

- Сиздер 29-апрелде кылмыштуулукка каршы митинг уюштуруп жатасыздар, бүгүн ал тууралуу жыйын болот экен. Негизги силердин талаптарыңыздардын бири коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү. Сиз айтып атасыз популисттик сөздөр көп болуп атат деп, бул ишпи же популистикпи? Жөнөкөй адам кантип билиши керек кайсынысы туура иш болуп атат, кайсынысы туура эмес, кимди күнөөлөсө туура, кимди күнөөлөсө туура эмес?

- Коррупция деген сөздүн анык тактамасын берсек, өзүнүн кызмат ишин колдонуп, кандайдыр бир системанын негизинде ар дайым акча алып туруу болуп эсептелет. Ал эми бул жерде атайын өкмөттүн токтому чыккан. Коррупция дегенде мен муну эмес, башка нерсени айткым келет. Кечээ күнү эле президент Бакиев өзү айтып атат, бажы системасындагы төлөмдөрдү көбөйттүк, бирок ал жерде ушул убака чейин коррупция бар деп. Ошол эле убакта ал жерге жетекчилерин дайындоо ачык-айкын болбой, багы эле тууганчыл, жакын адамдарын, же болбосо мурун кандайдыр бир сөзгө алынган адамдарды шайлап коюп атышат.

- Эгерде сот Улан Сарбановду күнөлүү деп тапса, сиз өкүмгө кандай карайт элеңиз?

- Мен Кыргызстандын сотуна эч кандай таң калбайм. Ал ар түрдүү чечимдерди кабыл ала берет. Кылмыштуулукка болгон күрөштө күнөлүү болуп аткан адамдардан күнөөнү алып салышканда да, актап салганда да биз таңкалган эмеспиз.

- Сиз мунун туура деп кабыл алмак белеңиз, же туура эмес деп кабыл алмак белеңиз?

- Соттун чечими кандай болсо дагы биз өзүбүздүн баабызды беребиз. Бирок буларда мүмкүнчүлүк болот, шаардык, же Жогорку сотко кайрылып муну туура эмес дегенге.

- Сиз Кыргызстанда он кадам саясатты жүргүзүү керек деп айттыңыз. Эмне болгон кадамдар жөнүндө кеп болуп атат?

- Биз ушул боюнча президентке түздөн-түз кайрылып талаптарды коелу деп атабыз. Ошонун ичинде жөнөкөй адамга, кыргыздын элине болгон кадам болуш керек. Алардын эң негизгиси -Конституциялык реформа. Экинчиси, сот реформасы, үчүнчүсү бүгүн өздөрүн абдан терс жагынан көрсөткөн кээ бир бийликтин жетекчилерин кетирүү, ошонун ичинде генпрокурор бар, атайын кызматтын башчысы Айтбаев бар, дагы ушуга окшогон адамдар бар. Мындан башка криминалга каршы күрөш жүргүзүү. Ушуга окшогон бир топ талаптар бар. Жөнөкөй, бирок бүгүнкү күнгө абдан жүйөлүү, элдин жүрөгүн өйүп турган маселелер.

- Темир мырза, мен сизге экономист катары да бир суроону бербей кое албайм. Жаңы бийлик өзүнүн негизги максаттарынын бири экономиканы көтөрүү деп айткан эле. Бирок сиз экономиканын жаатындагы аракеттерди да сынга алып жүрөсүз. Кыргыз өкмөтү экономикада эмнени аткарбай жатат?

- Бир сөз менен жооп бериш кыйын. Бирок эгерде Кыргызстанда жашап жана иштеп аткан адамдардан сурасаңыз, биринчиден, жаңы бийликке болгон ишеним жок. Ишкер адамдарда кандайдыр бир коркунуч бар. Ал биринчи жагынан криминалдар тарабынан болуп аткан коркунуч, экинчи жагынан бийликтин кээ бир күчтөрү, кээ бир бийлик адамдар кылып аткан коркунуч, үчүнчүсү текшерүү органдары тарабынан болуп аткан коркунуч.

- Мунун экономикага кандай тиешеси бар?

- Мен айтып атпаймбы, ишкер адамдардын түздөн-түз тиешеси бар деп. Менчикти тартып алуу, кандайдыр бир үстөмдүк кылып, мыйзамсыз жол-жоболорду кылуу, акча талап кылуу.

- Экономиканы 8 пайызга көтөрүүгө ишенесизби?

- Бүгүнкү бийлик, статистика органдары ар түрдүү жаза беришет. Биз реалдуу түрдө адамдардын турмушу оңолдубу, же оңолгон жокпу ошого басым жасайбыз. Экономиканы 8 пайызга көтөрүү деген, экономика көтөрүлүп, эл ошонун пайдасын көрүү деген болот.

XS
SM
MD
LG