Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

ЕВРОБИРИМДИК ЛУКАШЕНКОНУ СЫНДАП, ТҮРКМӨНБАШЫДАН ГАЗ САТЫП АЛУУДА


Евробиримдик Белорусиянын президенти Александр Лукашенкону Европанын акыркы диктатору катары санап, ага кошуп белоруссиялык 30 чиновникке Европа өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салды. Евробиримдиктин мындай чечими дүйнө коомчулугунда ар кыл пикирлерди жаратты. Айрым саясатчылар Евробиримдиктин санкциялары өтө эле жумшак деген пикирлерин билдиришүүдө.

Белорусиянын президенти Александар Лукашенко жана анын 30 өнөктөшүнө карата мындай чечимди Евробиримдиктин тышкы карыздар жана жалпы суроолор боюнча Люксембургда өткөн отурумунда 25 өлкөнүн тышкы иштер министрлери кабыл алышты.

“Кара тизмеге” кирген белорусиялык аткаминерлерге шенген визасын берүүгө тыюу салынды. Евробиримдик Белорусиянын жетекчилигине карата мындай визалык чектөөлөрдү “оппозициянын укуктарын басмырлаганы үчүн жооп катары киргизди”, деп билдирди биримдиктин өкүлү. Буга чейин Евробиримдик менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Белорусияда өткөн президенттик шайлоо эл аралык нормаларга туура келген жок деген баасын берген эле.

“Вашингтон Пост” гезити Евробиримдик бир диктаторду - Александар Лукашенкону обочолотуу менен, башка диктатор - Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовго концессия сунуш кылып жатат деп жазды. Макалада белгиленгендей, Белорусия жетекчиси Александр Лукашенкодо жок нерсе Түркмөнбашыда бар. Бул - жаратылыш газы. Анын бир бөлүгү Европага Орусия аркылуу экспорттолгондуктан, Европа өлкөлөрү Борбор Азиядан ири өлчөмдө газдын жеткирилишине кызыкдар.

Саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков бул маселеде Европа өзүнүн жеке позициясында тургандыгын айтты:

- Белорусия менен Түркмөнстанды бир деңгээлге коюш да туура болбойт. Европанын өзү Түркмөнстандын газына анча деле көз каранды эмес. Алар биринчи иретте Белорусияга кам көрүп жатышат.

Массалык маалымат каржаттарында жазылгандай, Александр Лукашенко өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартуу үчүн шайлоону көз боемочулук жол менен өткөргөн. Ошондой эле ага каршы чыккан адамдарды камакка алган.

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комитеттин жетекчиси Турсунбек Акун Белорусия жетекчисине көрүлгөн мындай чара туура деген көз карашын айтып, андай мамиле бир эле Лукашенкого эмес, Түркмөнбашыга да колдонулушу керек дейт:

- Александр Лукашенкого көрүлгөн чара Түркмөнстандын президентине да көрүлүшү керек. Бардыгына бирдей болушу керек. Анан газга көз каранды болсо, нефтке көз каранды болсо аларга тийбей койгон туура эмес да. Азербайжанда деле адам укуктары бузулуп жатат. Эмне үчүн ошолорго чара колдонулбайт. Бардык диктаторлорго бирдей мамиле болушу керек.

Ал эми саясат тануучу Зайнидин Курманов Евробиримдиктин Лукашенкого карата көргөн мындай чектөөлөрүн колдобой тургандыгын айтты:

- Евробиримдиктин Лукашенкого карата мындай чарасы эч жакышылыкка алып келбейт. Бул конфронтациялык позиция. Европалык мамлекеттер өз элин ойлоп, Түркмөн башыга каяша сөз айтпай жатат. Бул жерде жалаң гана саясат эмес, өз элинин кызыкчылыгы болуп жатат. Түркмөн башы диктатор болобу, жакшы президент болобу Евробиримдикке кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө эртелик кылат.

Евробиримдик азырынча Белорусияга экономикалык санкция киргизүүдөн баш тартты. Ошондой эле Белорус жетекчилеринин Европа банктарындагы эсептерин жабуу тууралуу сунуш дагы өткөн жок.
Евробиримдиктин “кара тизмесине” мамлекет башчы Александр Лукашенкодон тышкары Белорусиянын коопсуздук кызматынын жетекчиси Степан Сухоренко, адилет министри Виктор Голованов, баш прокурор Петр Миклашевич, ички иштер министри Владимир Наумов жана башка жетекчилер кирген.

XS
SM
MD
LG