Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Ысыккөл мамлекеттик коругунун 28 кызматкери төрт күндөн бери ачкачылык жарыялоодо


КАРАКОЛ. Ананьева айылындагы Ысыккөл мамлекеттик коругунда иштегендер өткөн жылы май айында да он күндөн ашык ачкачалык жарыялап, 14кө жакын түрдүү талаптарын койгон эле. Коруктун илимий иштер боюнча директорунун орунбасары Байгелди Мырзабековдун айтуусунда убада болгон “Нива” автомашинасы, 400 миң сом акча берилбегени аз келгенсип, балык жана башка жаныбарларды мыйзамсыз кармаган браконьерлер мамлекеттик кызматкерлер болуп атат. Ошондуктан декабрь айынан бери текшерүүчүлөр күчөп, жумушчулар кыскартылды. 19 миң гектар жерди кайтаруу ырааттуу жүрбөй атканын айткан ачкачылыкка чыккандардын негизги талабы - мамлекеттик коруктун милдеттерин чектөөгө бөгөт коюу.

XS
SM
MD
LG