БИШКЕК. Түркиянын Стамбул шаарында болгон жарылуудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Стамбулдун Европа бөлүгүндөгү Бакыркей районунда кэчээки катуу жарылуудан 31 адам жаракат алып, экөөсүнүн абалы оор экени айтылууда. Учурда Түркияда консулдук каттоодо турган 1199 кыргыз атуулу бар. Алардын негизги бөлүгү студенттер. Бирок каттоодо турбагандарды кошо эсептегенде бул өлкөдө жүргөн кыргыз атуулдарынын саны мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн.