Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

АМЕРИКАЛЫКТАР ДА УЛАК ТАРТЫШ ОЙНОШОТ


Кыргыздар Батыштан келген футбол ойнун жакшы көрүшөт, ал эми Батышта, тактап айтканда Америкада кыргыздардын улак тартышын үйрөнүп жатышат! Ооба, Калифорния штатында Борбор Азия элдеринде кеңири тараган улак тартыш же көк бөрү үч жылдан бери өткөрүлүп келатат! Бир гана жери жаңы континентке улак тартышты кыргыздар эмес, оогандар алып барышты жана ал Окс-ойну деп аталат.

Окс же Оксус бул Амудайранын англисче аталышы. Болбосо, оогандар бул оюнду бузкаши деп аташат. Бузка - Ооганстанда кеңири ойнолгон оюндардын бири.

Америкалык улак тартыштын уюштуруучусу Незам Этемадинин айтымында, Бузкаши – улуттук спорт, өлкөнүн бардык булуң-бурчунда, айрыкча түндүктө, Нооруз сыяктуу чоң майрамдарда ойнолот. 25 жылдык согушта албетте бул оюн кыйла аксап калды, бирок кийинки кездери болуп көрбөгөндөй жанданып, эл түп көтөрө келет.

Этемади Борбор Азияда кыргыздар баштаган регионалдык көк бөрү мелдеши тууралуу уккан эмес. Бирок алардын эрежелери стадионго ылайыкташтырылган кыргыздардын азыркы улак тартышы менен окшош экен. Эки тарап болуп калып, 50 килограм келген капты каршы тараптын дарбазасына алып барып салышат. Көрөрмандар - негизинен латын-америкалыктар. Ал эми оюнчулардын катарында оогандык дасыккан улакчылар менен катар ковбойлор же мал баккан элеттик америкалыктар да бар.

-Америкалык ковбойлор ат мингенди билишет, ат чабышта буйтап өткөнгө маш. Эч качан ат минип көрбөгөн оогандарды үйрөткөнгө караганда, ковбойлорго бузкашыни үйрөтүш жеңил. Алар ойноп баштагандан кийин бул спортту аябай жакшы көрүп калышат. Анткени улак тартыш ат үстүндөгү ылдамдыкты, шамдагайлыкты жана кара күчтү талап кылат,- деди Незами Этемади.

Кара күч демекчи, бул оюнда зордукчулдуктун да элементи бар эмеспи. Бирок, Этемадинин айтымында, оюнчуларды же аттарды согууга америкалык улак тартышта такыр жол берилбейт.

-Бул татаал маселе, биз бул тууралуу көп сүйлөштүк. Улак тартышта кара күчкө басым жасалат, бирок эгер аны америкалык футбол менен салыштырсак, аны анчалык зордукчул деп айта албайбыз. Биздин эрежелер боюнча, аттарды же оюнчуларды сокконго болбойт. Мында тездик, шамдагайлык, кара күч талап кылынат, бирок Ооганстандагыда караганда, зордукчул элемент азыраак деп ойлойм,-дейт Незами Этемади.

Америкалыктар күзгө пландаштырылган мелдештерге кыргыздын улакчы жигиттерин чакырса болорун, бирок Кошмо Штаттарына виза алыш кыйын экенин белгилешет. А бирок, Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы чакырса, америкалык улакчылар сүйүнүп эле келет болуш керек!
XS
SM
MD
LG