Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ИРАКТА ДАГЫ КАН ТӨГҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Иракта 17-октябрга белгиленген парламенттик сессия болбой калды, мурдагы президент Саддам Хусейндин соту кыска убакытка уланып, эки күнгө токтотулду. Андан тышкары 17-октябрда өлтүрүлгөн он бештен ашык адамдын денеси табылды, бир адам барымтага алынып кетти. Мурда барымталанган бир адамдын өлтүрүлгөнү белгилүү болду, курман болгон америкалык аскерлердин саны болсо туруктуу кыскарып баратат.

Content: 17-апрелде Багдад шаарында элүүгө жакын согушкер өкмөттүк аскерлерге чабуул жасады, аларга америкалык аскерлер жардам жиберүүгө аргасыз болду, салгылашуу жети саатка уланды, канча адам курман болгону азырынча белгисиз. 17-апрелде Салех ал-Мутлак деген белгилүү саясатчынын бир тууганынын денеси табылды, ал мындан үч апта мурда барымтага алынып кеткен.

Андан тышкары, Ички иштер министрлигин айтымында, 17-апрелде шаардын ар башка аймактарында 17 адамдын денеси табылды, алардын айрымдары өлтүрүлөөр алдында кыйналган. Багдад шаарында кечээ күнү бир бомба жарылды, андан бир карапайым адам набыт кетип, үч башка киши жараат алды. Шаардын Дора деген аймагында бир доктур барымтага алынып кетти. Андан тышкары, Хавижа деген шаарда бир нече куралчан адам бир өкмөттүк аскерди атып өлтүрүп кетти, полиция алардын артынан кубалап, бирөөнү өлтүрдү.

Мурдагы президент Саддам Хусейндин соту 17-апрелде бир аз эле убакытка уланып, эки күнгө токтотулду, анткени прокурорлор өздөрү айрым документтерди тактоого убакыт сурады. 17-апрелге парламенттик сессия да дайындалган. Шайлоо декабрда өткөрүлгөн жана андан бери парламент бир гана жолу чогулду - 16-мартта биринчи сессия 40 мүнөткө гана уланып, депутаттар тарап кетүүгө аргасыз болгон, анткени ким премьер-министр болоору жөнүндө бир пикир табылган эмес.

Маселе эмгиче чечиле элек, бирок акыркы күндөрдө - шийилер сунуштаган Ибрагим ал-Жаафаринин талапкерлигинен алар баш тартканы тууралуу жарыяланган жана парламенттин убактылуу спикери Аднан Пачачи - сессия 17-апрелде болот деп жарыялаган: "Саясий блоктор ар башка кызматка кимди дайындоо боюнча сүйлөшүү баштап, мурдагы күнү ал тууралуу атайын комитет түзгөн. Кечээ күнү жана бүгүн анын жыйындары болду жана эми блоктордун жеткечилери алардын сунуштарын талкуулап, эртеңки сессияга даярданат", - деп билдирген спикер жекшемби күнү.

Бирок андан көп өтпөй, жекшемби күнү ошол эле Пачачи - сессия болбой турганы жөнүндө жарыялады. Шийилер чындап эле премьерликке сунушталган ал-Жаафаринин талапкерлигинен баш тартты, бирок суннилер жана күрддөр сунуштаган талапкерлерге макул болгон жок. Андан тышкары, парламенттин туруктуу спикери ким болоору жөнүндө да талаштар чыкты, ошондуктан сессия кайрадан кийинкиге калтырылды.

Азыр Иракта 132 миң америкалык аскер бар, орто эсеп менен ар бир айда алардын алтымыш беши курман болот, акыркы айларда болсо өлгөндөрдүн саны туруктуу азая баштады. Өткөн октябрда 96 америкалык аскер курман болсо, ноябрда - 84, декабрда 68, январда 62, февралда 55 жана мартта 31 америкалык аскер курман болду. Эки жыл согуш ичинде болсо Иракта бардыгы болуп 2 378 америкалык аскер ажал таап, дагы 17 549у жараат алды.

XS
SM
MD
LG