Жыйын Москвада өтөт. АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германиянын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча консультацияларды улантып, аны уран байытуу ишин токтотууга ынандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн караары күтүлүүдө.
АКШнын айтымында, Иранды уран байытуу ишинен тайдыруу үчүн анын банк эсептерин тоңдуруу, расмий адамдарынын эки жакка каттосун чектөө өңдүү маселер күн тартибинде болот.
Ал эми Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани кечээ АКШ аларды коркута албасын билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн айда атайын билдирүү кабыл алып, Ирандан уран байытуу ишин 28-апрелге чейин толук токтотууну талап кылган эле.