Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

АНВАР АРТЫКОВ : «БИЙЛИККЕ ЖЕКЕ ТААРЫНЧЫМДЫ ЧОҢ САЯСАТКА АРАЛАШТЫРБАЙМ»


Демократиялык күчтөрдүн саясий акция өткөрүү боюнча штаб жетекчилеринин бири, Ош областынын мурдагы губернатору Анвар Артыков 18-апрелде “Азаттыкка” таңкы маекке чыгып, азыркы саясий кырдаал тууралуу ой-пикирин бөлүштү.

- Анвар мырза, кечээ сиздердин жыйын болуп, 29-мартта кылмыштуулукка каршы өтө турган митингдин штабы түзүлдү, аны Өмүрбек Текебаев жетектей турган болду. Текебаев мырза, парламентте сүйлөгөн сөзүндө президентке импичмент жарыялаганга да негиз бар деп айткандай болду эле. Бирок ошол эле сиздердин штабдын айрым өкүлдөрү, мисалы Темир Сариев мырза, азырынча президентти кызматтан кетирүү деген суроо коюлган жок деп айтып атат. Сиз азыр штабдагы төрагаңыздын ушул билдирүүсүн өз убактысында айтылды деп ойлойсузбу?

- Өмүрбек Чиркешовичтин дагы, Темир Сариевдин дагы айтканында негиз бар деп ойлойм.

- Бирок карама-каршы келип атпайбы бири-бирине?

- Жок, карама-каршы келген жери жок, импичмент жарыялайбыз деген сөз айтылган жок. Сөзсүз бул маселени көтөргөн жок, ал негиз бар деп атат. Негиз бар деген сөз менен, жарыялайбыз деген сөз эки башка сөз. Бул маселе коюла элек, бирок келечекте ушинтип эле элдин, оппозициянын сөзүн укпай, өз билемдигин жасай берсе, анда ошого барып калышы мүмкүн деп түшүнүш керек.

- 29-апрелде өтө турган митингдин максаттары белгилүү болгон учурда бул бир эле Бишкекте эмес, башка региондордо да өтөт деп айттыңыздар. Бишкектеги аянтта боз үйлөр тигилет экен деп атышат. Бул көпкө созула турган акция болот окшойт. Ага каражатты кайдан алдыңыздар?

- Каражатты ар бир катышкандар өзбүбүздүн чөнтөгүбүздөн акча чогултуп атабыз. Башталышында, мисалы 500 сомдон чогултук. Калганын дагы көрөбүз да. Жардам берем дегендер чыгып калышы мүмкүн. 8-апрелде көрбөдүкпү, түштүк маршында бүт элдер колдоп чыкпадыбы. Мен Ошто бир жума жүрүп келдим, Оштун эли да ошол акцияны колдоп атышат.

- Канча убакытка созулушу мүмкүн бул акция?

- Мөөнөтсүз болуп атат, көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Бардыгы бийликке байланыштуу, бийлик кандай чечим кабыл алат, же көгөрүп тура береби, же элди угабы, сүйлөшүүгө барабы, барбайбы, ошого байланыштуу болот.

- Анвар мырза, былтыркы март ыңкылабына сиз активдүү катышкандардын бирисиз. Кийин жаңы бийлик орногондон кийин Ош облусунун башчылыгына келдиңиз эле, бирок кийин кызматтан алынып калдыңыз. Ошондо сизди башка кызматка өткөндүгү үчүн деп кызматтан кетти деп айтышты эле, кайсы кызматты сунуш кылышкан?

- Бул бийликтин стандарттык формулировкасы болуп калды. Мага эч ким эч кандай бийлик сунуш кылган жок, мен бир да жолу Бакиев менен дагы, Филипов менен дагы сүйлөшкөн жокмун. Филипов кайра менден качып жүрбөйбү.

- Демек, сиз азыр эч жерде иштебейсиз?

- Азырынча эч жерде иштебейм.

- Ал эми Текебаев мырза да, жаңы бийликтин тушунда парламентте төрагалык кылып, президент менен араздашуунун айынан өз ордун бошотууга мажбур болбоду беле. Азыр жаңы бийликке экөөңүздөр биргеликте талап коюп жатасыздар, бул кайсы бир деңгээлде таарынычтын белгиси эмеспи?

- Жок, мен андай деп ойлобойм. Текебаев менен мен мурунтан эле пикирлеш болуп келгенбиз. Жаңы бийликтин тушунда иштеди деген сөз туура эмес го, себеби Текебаев Бакиевден мурдарак шайланып калган. Анан өзүнчө бийликтин бутагын башкарып калбадыбы. Ак үй жактан иштегенге мүмкүчүлүк бербегендиктен, мен ойлойм, Өмүрбек туура эле кылды, эркекчилик кылган ушундай болот. Биринчи иретте элдин кызыкчылыгын коет деген ойду айтып кетпедиби, мына мен кеттим, силер дагы кете аласыңарбы дегендей кылып.

- Сиздин президентке таарынычыңыз барбы, жокпу, кызматтан алынганыңызга?

- Кандай десем болот, мисалы таарыныч болбой калбайт да. Мен 35 жыл мамлекеттик кызматта иштеп, бир жолу иштен куулган эмесмин. Биринчи жолу ушундай болуп атат. Бакиевге мен эмне жамандык кылдым, бир себебин айта алган жок. Бул жагынан сөзсүз инсан катары таарыныч болот. Бирок мен ошол таарынычты көтөрүп чыгып аткан жерим жок. Өткөндө Ошко барганда эле мен элге кайрылып айттым, менин кызматымдын тегерегинде сөздү токтоткула. Ошол сөздү көтөрө турган болсоңор, анда биз алып барып аткан саясий максаттарыбыз, чоң ойлорубуз бир маселе менен жокко чыгып кетип калат, жаман атты кылып коет деп мен суранып атам. Мен чоң саясатка мунун аралаштырбайм.

- Президенттин Өзгөн жана Каракулжа райондорунун акимдерин алуу боюнча, кайра өздөрүнүн кызматтарына отуруп калганы жөнүндө сиздин сын-пикириңиз кандай?

- Жөнөкөй кишинин оюндай айтсам, ушул көрүнүшкө кандай баа берсе болот деп көпчүлүгү сурап атышат. Мен айтат элем, бул эч кандай негизсиз эле жасалган кадам болот. Бирөөгө бир орун керек болуп калса эле алып коет экен да. Ал эми бул жерде ким отурат, кандай иштеп атат, алмаштырып койсо жакшы болобу, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу деп атабыз, элдин оюн угуш керекпи, андай жок экен. Келген кишиге, тууган-урукпу, жоро-жолдошпу, орун керек болуп калса эле сурабай эле, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деп эле алып салышат. Бул жылдар бою өтө берет мындай стандарттык формулировка.

XS
SM
MD
LG