Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Оппозиция президент К. Бакиевге саясий ультиматум жарыялады


Оппозициялык күчтөр Президент Бакиевден конституциялык реформаны тез арада ишке ашырууну, мыйзамдуулукту жолго коюуну, уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүүнү талап кылышууда. Алар ошондой эле мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковду, улуттук коопсуздук кызмат башчысы Таштемир Айтбаевди, баш прокурор Камбаралы Конгантиевди кызматтан кетирүү зарыл деп эсептешет. Бул талаптарды 29-апрелде саясий акция өткөрүү үчүн түзүлгөн, башында экс-спикер Өмүрбек Текебаев турган штаб мүчөлөрү жарыя кылышты. Эгер бул талаптар аткарылбаса, оппозиция президент менен премьер-министрдин отставкасын талап кылышмакчы.

XS
SM
MD
LG