Беш жыл мурда чыгармачыл сапар менен шаардыктарга өз өнөрүн тартуулап кетишкен артистер, бул жолу Бишкектик көрүүчүлөргө эстон, казак, орус жана кыргыз драматургдарынын чыгармаларына коюлган «Арзуу кумары» «Эңсеген түн», «Медея» «Алтынчы күнү кечинде», «Баян» спектаклдерин алып келишкен. Театр жамааты ошондой эле «Азем» фольклордук ансамблинин жана «Проходной двор» рок тобунун концерттерин да тартуулашат.
16дан ашык чыгармачыл адамдардын башын коштурган театр 1983-жылы 3-ноябрда Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайды бүтүп келген жаш актерлордун тобунан түзүлгөн. Мына ошол артистердин бири Шаршебек Шейшенов театр тууралуу мындай деди:
-Театрдын тарыхы тээ илгертен бар. Эн биринчи театр көлдө ачылган, бирок кийнки жылдары жабылып калган болчу. Анан биз келип, биздин студияны толугу менен Көлгө жиберип, театрды түзүп баарыбыз жети, сегиз жылдан үзүрлүү эмгектендик.
23 жыл аралыгында театр дүйнөлүк классиктердин жана жергиликтүү драматургдардын 100дөн ашык спектаклдерин койууга үлгүргөн . Театрдын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Алышбаевдин айтымында артистердин айлык маянасы аз, мына ошого байланыштуу башка кесипке өтүп кеткендер да бар:
-Бир-эки таланттуу артистибиз театрдан кетип, Орусияда соода кылып жүрүшөт. Ал эми мурункуга караганда элет тургундарынын театрга болгон кызыгуусу арта баштады.
Ысык-Көл музыкалуу драма театрынын артистери бүгүн кыргыз улуттук академиялык драма театрында эстон драматургу Эдлистин «Арзуу кумары» аттуу спектаклин көрсөтүшөт. Ал эми театрдын чыгармачылык гастролу ушул жуманын соңунда жыйынтыкталат.