Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иран боюнча кийинки кадамды макулдаша алган жок


Сүйлөшүүлөр кечээ Москвада өттү. Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: Орусия, АКШ, Кытай, Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү Иранды өзөктүк программасынан баш тартыруу үчүн эми кандай чара көрүү керектигин талкуулаган, бирок тараптар азырынча кандайдыр бир макулдашууга жете алган жок. Маселен АКШнын Иранга каршы санкция киргизүү сунушуна Кытай менен Орусия каршы.
28-апрелде МАГАТЭ уюму Иран Буунун Коопсуздук кеңешинин уран байытууну токтотуу жөнүндөгү өтүнчүн кандай аткарганы боюнча маалымат бериши керек. Коопсуздук кеңеши Ирандан уран байытууну ушул мөөнөткө кара токтотууну суранган, бирок Тегеран өзөктүк пррогрммасы тынчтык максаты гана көздөөрүн айтып, мындан баш тартып келүүдө.
АКШ президенти Жорж Буш кечээ Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бебөө үчүн бардык ыкмалар каралып жатканын билдирди. Жорж
Буш кокус дипломатия ийгилик таппаган шартта, аскерий чара колдонуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарбады.

XS
SM
MD
LG