Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Кыргызстан тышкы карызы кечилүүсү мүмкүн 11 мамлекеттин катарында бар


Бул тууралуу кечээ Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору билдирди. Билдирүүгө караганда, Кыргызстан жалпысынан 21 миллиард доллардык карызы кечилүүсү мүмкүн 11 мамлекеттин катарында бар. Тизмедегилердин калган ону - Афирканын жакыр өлкөлөрү жана Непал.
Карыздар ХИПК ( HIPC – Heavily Indebted Poor Countries Initiative) программасынын алкагында жоюлушу керек. Талапкер өлкөлөрдүн тизмеси боюнча соңку чечим "Рейтер" агенттигинин билдиргенине караганда, эл аралык эки каржы институтунун жетекчилеринин ушул апта соңундагы жыйынында кабыл алынары күтүлүүдө.
Кыргызстандын каржы министринин орун басары Марат Малатаевдин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, алдын ала эсептөөлөр ХИПК программасына кошулган шартта, Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору эле 660 миллион долларды кече аларын көргөзүүдө.

 

XS
SM
MD
LG