Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

БҮТПӨГӨН ЫҢКЫЛАПТЫН МААЛКАТКАН ЖЫЙЫНТЫГЫ


Шаршембиде чыккан гезиттерде өлкөдөгү саясий-экономикалык, маданий окуялардын комментарийлери, баяндамалар, маалыматтар жарыяланды.

Кыргызстандагы АКШнын аскерий аба базасынын ижара акысы мурдагысынан көбөйөрүн кошмо штаттардын Кыргызстандагы элчиси М.Йованович ырастаганын шаршембидеги “АиФ Кыргызстан” апталыгы жазды. Ижара акы 200 миллион АКШ долларына чыгабы? Элчи айым “бул абдан кыйын суроо” деп жооп узаткан.

Жарандык коом уюмунун жетекчиси Эдил Байсаловго кол салууга кимдер кызыкдар, деген суроого Д.Орлов жооп издеген. Автордун ырасташынча, бейөкмөт уюмунун башчысын опуза кылып, үшүн алууга бийлик да, жаңыдан депутаттыкка жетип аткан Р.Акматбаев да кызыкдар эмес. Бул иш кырдаалды курчуткусу келген акаевчилердин колунан келген болгон керек.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ушул эле гезиттеги маегинде өткөн жылдын 24-мартындагы ыңкылап күткөн үмүттү толук актабай калганы дагыле нааразылыктарды жаратып жатканына токтолгон. Анын айтуусунда, таратылбай калган Жогорку Кеңештеги ишкер депутаттар эми парламенттик республика демилгесин көтөрүшүүдө. Кыргызстан үчүн президенттик башкаруу эле ылайыктуу. Жаңы түзүмдө өкмөт башчыга орун жок. Аткаруу бийлиги президенттин колуна өтөт.

Кыргызстанды бейпайга салган аркыл жыйын, жөө жүрүштөрдүн айынан өлкөнүн эларалык кадыр-баркы биротоло кетти. Эми Көлгө эс алганы келе тургандар дагы азаят. Андан экономика эле жабыр тартат, деп жазат ушул эле гезитте Д.Орлов “Сурамчынын баркы” аттуу макаласында.

Кыргызстандын чоң баш оорусу оңдолбогон жолдор экени Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун “МСН” гезитиндеги маегинде козголгон. Жылына 200 – 300 чакырым асфальт жолдор бузулуп, аларды жок дегенде жамаачылап оңдоп турганга мамлекеттин кудурети келбей атыры. Жалпы республика боюнча созулган 34 миң чакырым жолдун он тогуз миң чакырым министрликке тиешелүү.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү кыйын жагдайда өтүп жатканы Алексей Костровдун “Дело №” гезитиндеги макаласында баяндалган. Кылмыштуу топтордун жетекчилеринин бирөө депутаттыкка шайланып, экинчиси талапкерлигин көрсөтүп, атаандаш болуп чуркап жүрөт. Кылмышкерлерди милиция кармаганы менен прокуратура депутаттардын кепилдигин алып чыгарып жатат, сот актап жиберүүдө, дейт Ө.Субаналиев. Кылмыштуу топтор менен күрөш натыйжасын берерине Ө.Субаналиев ишенет, деп жазат А.Костров.

Криминал темасына 19-апрелдеги “Белый пароход” апталыгы да кайрылды. Гезитте өкмөттүн уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөштү күчөтүү, коомдук бейпилдикти сактоо тууралуу ыкчам аткарылуу иштер жөнүндөгү токтом долбоору жарыяланган. “№ 1 –криминалдык душманды аныктап, мыйзамдык негизде аны коомчулуктан бөлүү керек”, деп айтылат Ф.Кулов кол койгон токтомдо.

Качанга чейин “№ 1-душманды” аныктайсыңар, ал ким экенин Ө.Субаналиев парламент жыйынында айтпады беле, деп суроо коет “МК Кыргызстан” апталыгы. Гезитте Орусиянын Маскөө өкмөтүнүн Кыргызстандагы расмий өкүлү К.Бескоровайныйдын маеги жарыяланган. Жакында Кыргызстандан Маскөөгө иштей турган жумушчуларды чогултуу башталат. Завод, фабрикаларга иштей тургандар жатакана менен менен камсыз болушат. Бир гана проблема Орусияда Кыргызстандагыдай үч айга чейин катталбай жүрө берүүгө болбойт, дейт К.Бескоровайный.

Ыңкылаптын максаты толук ишке ашпай калганга нааразы болгондор арбын. Ага кошумча жаңы бийликте А.Акаевдин кадрлары көп отурушат. Бул да нааразылыкты жаратпай койбойт. Андан да ыңкылапка катышкандардын жумуштан четтетилип калышы жаңы бийликти жактырбагандардын катарын көбөйтүүдө. Ыңкылаптан кийин ошондой эле өзгөрүүлөр болушу керек, деп жазат шаршембидеги “Республика” гезитинде Ө.Акматов.
XS
SM
MD
LG