Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ : «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТЕРС КӨРҮНҮШТӨРДҮН БАШАТЫ - ТАНДЕМДЕ»


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек 29-апрелде боло турган саясий акцияга утурлай Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 19-апрелде ооруканадан чыгып жатып «Азаттыкка» интервью берди. Ал Кыргызстанда акыркы убакта болуп жаткан терс көрүнүштөргө Бакиев-Кулов тандеми жол берип жатат, ошондуктан мамлекет башчылары тандемдин эрежеси менен эмес, мыйзам менен жашашы керек деген пикирин айтты. Бекназаровдун оюу боюнча мурда Акаевдин жек-жааттары, үй-бүлөсү башкарып келген Кыргызстанды азыр Бакиевдин бир туугандары башкарып жатат.

- Азимбек мырза, сиз ушул күндөрү ооруканада дарыланып жатасыз, Төөашууда эмне деген окуя болду, ошону өзүңүздүн оозунуздан уксак, элдин баары тынчсызданып, ар кандай имиш-имиш кептер жүрүп атат. Ушуну ачыктап берсеңиз?

-Рахмат. Биринчиден, биз автокырсыкка учурагандан бери телефон аркылуу, же келип, менин ден-соолугум боюнча тынчсызданган кыргызстандык замандаштардын баардыгына ыразычылыгымды билдирем. Алар да ушундай бөөдө кырсыктан аман, ооруу-сыркоодон алыс болушун каалайм. Эми сурооңузга түз жооп бере турган болсом, биз өзүбүз да түшүнбөй калдык, ушунчалык тездик менен болду.

Түнкү саат он эки-бирлерде Төөашуудан бери ашып түшүп келатканда жолду кар, туман басып турган. Шопур “ах” деп кыйкырып калды, карасам беш-алты метр жерде жолдо туурасынан турган аскердик машинеге окшогон, КАМАЗга окшогон машинени көрдүк, тормоз баскан бойдон ал машинеге кагыштык. Бир азга эсимди жоготуп койгон экемин. Кийин мен эсиме келип, бир караганда эки дөңгөлөк көрүнгөн, кайра экинчи жолу эсиме келгенде машине жок, шопурдан сурасам, машине кетип калганын айтты. “Номурун жаттап калдыңбы?”, десем, - “жок жаттай албай калдым, караган жокмун”, деп өзү да эси чыккан абалда болду.

Мен машиненин артында отургам, эгерде ордуман кыймылдабаганда, мүмкүн мен жаракат албайт элем. Машине туурасынан турганынан шекшип, бул эмне мындай турат деп ордуман туруп пистолетти алам деп, ошол убакта удар болуп калды. Менин оюмча, ошол убакта ал машине дагы өйдө тарта албай, тумандан тайып туурасынан туруп калган машине болсо керек. Биздин “KG” номерди көрүп коркуп кеттиби, от алдырып кайра жүрүп кетсе, ошону менен кетип калды окшойт. Форс-мажорный абалда турса керек деп ойлойм, себеби аварийкасын да күйгүзгөн эмес, же бир таш коюп койгон эмес. Алар да ошол учурда артта келип ушундай туруп калса керек.

- 29-апрелге карата бир топ демократиялык күчтөр, бийликке бир топ талаптарды коюп, Бишкекте чоң жыйын акция өткөрөбүз деп атышат. Ушуга сиз лидер болуп жүргөн «Асаба” партиясы кошулган жок. Эмне себептен сиздер кошулган жоксуздар?

- Тынчтык митингин өткөрүү боюнча штабдын билдирүүсүн окудум, бул жерде эч деле жаңылык жок. Ушундай эле талап менен биз Кыргызстан саясий коомдук кыймылы деле бир нече жолу кайрылып келгенбиз, билдирүү жасап келгенбиз. Акыркысын мен 23-мартта жасагам, ошондо биз деле ушундай талапты койгонбуз.

Мен ойлойм, бул демократияга ылайык күчтөрдүн бүгүнкү койгон талабы, коррупцияга, криминалдык чөйрөнүн бийлик менен аралашып кеткенине каршы, кадр маселесине коюп аткан талабы. Бул азыркы учурда жалпы элдик талап деп эсептейм. Биз “Асаба” партиясы толугу менен алардын койгон талаптарын колдойбуз. Бирок алардын штабына кошулбаган себебибиз, экинчи катарда бир топ маселелерде биздин пикирлерибиз эки башка. Мисалы, 24-марттагы болгон окуя боюнча алар төңкөрүш деп дайым кыйкырып жүрүшөт. Биз Элдик революция деп айтабыз дайыма.

Экинчи маселе Конституциялык реформада. Алар 90-жылкы Конституцияга кайрадан өзгөртүү, толуктоолорду киргизели дейт. Ал эми биз 24-марттан бери жаңы Конституция кылыш керек, кыргыздын жашоо шартына, кулк мүнөзүнө, менталитетине жараша жакшынакай Конституция түзөлүчү, Америкадан, орустардан, Украинадан көчүрбөй, кыргыз тилинде, кыргыз дилинде жазалы деген позицияда келатабыз.

Үчүнчүсү, эмнегедир булар ачык айтпай, тымызын бир гана президентке асылгандай, президентти кетирүүнү максат кылгандай маани коюп атат. Бүгүн жаңылануу болбой жатканына негизги себеп, биздин оюбузча, Бакиев-Кулов тандеминде турат. Бир эле Бакиевде эмес, Куловдун да күнөөсү бар деп эсептейбиз. Эмне үчүн дегенде булар биринчи күндөн баштап, өздөрү тандап алган укуктуу жол менен кеткен жок. Укуктуу жол менен жашайбыз деп бардыгыбызды Акаевдин закондору менен жолго салды дагы, өздөрү мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү башталганда дайыма тандемдеги келишим менен иш кылышат. Мен ойлойм, ал келишим президенттик шайлоо бүткөнгө чейин мүмкүн керек эле, президенттик шайлоо болуп бүткөндөн кийин, эл президентти шайлагандан кийин ал тандемдин шарттары жоюлуп, алар мыйзам, Конституция боюнча иштеши керек эле.

Ушул Конституция менен иштебегендин айынан, бүгүнкү күндө болуп аткан бардык нерсеге Бакиев менен Куловдун тандеми күнөөлү деп эсептейм. Булар эки жүздүүлүк менен саясат кылып атышат. Ушул маселеде азыркы штаб Куловго келгенде унчукпайт дагы, тымызын ушул шарттарды аткарбаса Бакиевди кетирүү талабын коебуз дегендей кылып атат.

- Кечээ Сариев айтты го, эгер реформа болбосо, тандем кетсин кызматтан деп?

- Сариев айтабы, башкасы айтабы, биз деле аралашып жүрөбүз, негизинен булардын иштери президентке гана байланыштуу болуп келет. Биз биринчи күндөн баштап айтып келебиз, бир нече жолу билдирүү кылганбыз, жазуу түрүндө меморандум да бар. Ушул-ушул шарттарды аткара албаса тандем кетиши керек, Бакиев да, Кулов дагы кызматынан кетиши керек деген позицияда келебиз. Бул штабга кирбегенибиздин дагы бир себеби – алар кадр маселесине келгенде Бакиев койгон тараптагы гана кадрларды бир тараптуу кетсин дегендей талап коюп жатат. Ал эми биз негизинен Акаев менен бир нече жыл иштеп, мамлекетти ушунчалык кризиске түшүргөн, ошого кандайдыр бир кыйыр көмөк көрсөтүп келген 42-43 адамдардын тизмесин ачык жарыялап чыктык. Ушулардын баардыгы кызматтан четтетилиши керек.

- Азимбек мырза, бирок ошол эле убакта штабга кирбей туруп эле эл менен биргебиз деген кишилер да бар. Атап айтканда өкмөттүн эле мүчөсү Алмаз Атамбаев ачык эле тилектештигин билдирип атат. Саясий партиядан министрлер чыксын деди, чыкпайм деп өзүнүн позициясын ачык билдирди. Сиз бул жагына кандай карайсыз?

- Негизинен элдин талабынын бардыгы туура, элдин талаптары менен биз макулбуз, эл менен бирге болобуз. Жыйырма тогузунда Бишкекте болсок, биз Алмаз Атамбаев менен бирге элдин арасында болобуз. Эгер ага чейин бийлик азыркы коюлуп аткан талаптардан конкреттүү эл ишене турган чечим чыгара албаса, биз жыйырма тогузунун алдында Алмаз Атамбаев экөөбүз биргеликте 26-27де дагы бир жолу элге кайрылуу жасайбыз.

- Сиз биринчи күндөн тартып эле Конституцияда ири өзгөрүүлөрдүн болушун каалап келатасыз, бирок бир жылдан ашык өтүп кетти. Чындыгында эле азыр президент Бакиевдин, премьер-министр Куловдун Конституцияны өзгөртүп, бийликти парламентке берүүгө ойлору бар деген ишенимдесизби?

-29-апрелде боло турган митингде дагы ушул маселенин бардыгына президент күнөлүү, президент кечеңдетип келатат деген айып коюлган атат, биз дагы ошондой айып коюп келгенбиз. Бирок, биздин айырмабыз жанагы башындай айткандай. Буга күнөлүү Бакиев-Кулов тандеми. Булар ошол реформа менен иш алып баргандын ордуна, эл үчүн кызмат кылгандын ордуна бири-бирин аңдышып, интрига кылып отурушат ушул убакка чейин.

Мен дагы айтып коеюн, премьер-министр дагы, президент дагы Конституция менен закон боюнча иштемейинче, келишим боюнча эмес, биздин Кыргызстан ушундай интригада кете берет, реформа жүрбөйт. Менин ушуга көзүм жетти.
Ошондуктан азыр биз талап койсок, сөзсүз түрдө бул экөөнүн тандемин бузуш керек, силер тарыхый миссияны аткардыңар, шайлоо бүткөңдөн кийин Закон боюнча ишиңерди алып баргыла, ким алып барбаса эл алдына ошол жооп бериш керек.

Бүгүнкү күндө экөө бирин-бири аңдып отуруп, реформаларды кечеңдетип атканы ошол. Коркот, кокус Кулов президент болуп кетеби, тигиниси болсо премьер-министрликтен түшүрүп коебу деп атат. Бүгүнкү Кыргызстанда реформалардын жүрбөй жатканы, криминалитеттин бийлик менен аралашып кеткени, коррупция менен күрөшпөй жатканына мен Бакиев-Куловдун тандеми күнөлүү деп эсептейм.

Бүгүнкү күндө булар мыйзам менен жашашты үйрөнүш керек, ошондо гана реформалар жүрөт. Ал болмоюнча булар кош жүздүүлүк жана эки стандарттуу саясаттарды жүргүзүп отурат. Мисалы, криминалитет менен күрөшүү боюнча экөө телевизорго чыгат да, бул Бакиев-Кулов тандемине каршы жасалып аткан нерсе деп экөө тең айтат. Мындай жүрүп алып туруп Ф.Кулов айтат, мага Бакиев жолтоо болуп атат, күч органдарына менин тилим өтпөйт, менин тиешем жок деп. Туура, себеби келишимде ошондой жазылып калган. Бүгүн закон боюнча иштесе, ички иштер министри өкмөттүн мүчөсү, Кулов каалагандай иштеп, каалагандай криминалитет менен күрөшсө болот эле. Рыспек дагы бүгүнкү күндө мен айткан тандемдин колундагы “игрушка” болуп атат. Мен ошондон коркуп атам, ошондон чочуп атам. Мына ошонун негизинде кыргыз эли көл, түштүк, түндүк деп бөлүнүп, ушул тандем элибизди бөлүп-жарып граждандык согушка алып барабы деп коркуп атам.

- Азимбек мырза, Демократиялык күчтөрдүн эң негизги талаптарынын бири Конституциялык реформа болсун деген тилек-талапты айтып атышат. Алар жакын арада Конституцияны өзгөртүүнү айтып атышат. Сиздер да айтып келдиңиздер эле, кийин ушундай сөздөр болду, бирок жардыкты көрө элекпиз, сиз баштаган өзүнчө топ түзүлдү Конституцияны жаза турган деп. Ушул топ чындыгында эле түзүлдүбү, жарлык чыктыбы, сиздер иш жүргүзүп атасыздарбы ушул боюнча?

- Бул жарлыктын чыгышына дагы биз өзүбүз Кыргызстан саясий-коомдук кыймылы демилгечи болгонбуз. Президентке кирип, Конституциялык реформа жүргүзгөнүнө биз ишенбей ататбыз дегенибизде ал айтты, анда өзүңөр баштагыла мен жарлык чыгарып берейин деп. Биз айттык жумушчу топ ушул убакытка чейин түзүлө элек. Мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү формасында түзүлгөн конституциянын долбоорлору даярдалышы керек, ушул убака чейин даярдалган жок. Ал киши жарлыкка кол койдум деп бизге официалдуу түрдө өзү айтты, Феликс Шаршенбаевич дагы катышты. 11 кишиден турган жарлыкка кол койдум, сиз ошол жерде төрага болосуз, тез аранын ичинде бизге башкарунун ар түрдүү формасында долбоор жазып берсеңиздер, биз конституциялык кеңешмеде карап, күздө ошону парламентке коюп, кабыл алабыз деп айтты. Биз сүйүнгөн бойдон, макул жазып беребиз дедик. Азыр мен кырсыктап калдым, бирок сүйлөшүп атам, менден башка да мүчөлөр бар, баштайлы, май айынын орто ченине чейин, же болбосо 1-июнга чейин биз даярдап президентке өткөрүп берүүгө даярбыз.

- Жеке өзүңүздүн пикириңизде, ушул учурда Кыргызстанга башкаруунун кандай формасы туура келет деген ойдосуз?

- Биздин “Асаба” партиясы туруктуу түрдө кыргыз элинин менталитетине парламенттик башкаруунун формасы туура келет деп дайым айтып жүрөбүз 2000-жылдан бери. 2003-жылы реформада дагы Аскар Акаевге жазуу түрүндө бергенбиз. Азыр да ошол позициядабыз. Позициябызды өзгөрткөн жокпуз. Эмнге үчүн дегенде? Кыргыз элинин менталитетине парламенттик башкаруу туура келет деген себебибиз, жамандык, жакшылык болобу, кыргыз эли урук-туугандары менен чогулуп алып чечим алып туруп анан баштайт. Эч ким талаша албайт, чогулуп кеңеш кылат. Президенттик башкарууда акыркы жети жылда жашап көрдүк, мына супер президенттик башкаруу формасында азыр да жашап атабыз. Ошондуктан башкаруунун президенттик формасын тандап алууга биз каршыбыз.

Ал эми аралаш формасы болгон шартта, кыргызда сөз бар да “же балык эмес, же эт эмес” дегендей жоопкерчиликти эч ким тартпайт. Ал форманы да жашап өттүк. Президент ошондуктан бул болбойт экен деп, Аскар Акаев 1995-жылдан баштап президенттик башкаруу формасына өтүп алган. Эмне үчүн президенттик башкаруу формасы биздин кыргыз элине болбойт? Анткени, президенттик башкаруу формасы деген президент башкарат деген сөз. Мына коррупция деп атабыз, коррупциянын баары ошол жерден жаралат. Бардык чиновниктер, бардык адамдар эптеп презимденттин урук-тууганына чыгуунун, ошол аркылуу маселесин, кадр маселесин чыгуунун жолдорун издей баштайт. Акаевдин убагында Акаев өзү ойлоп таптыбы, кыргыздар ошого алып барды, балдыздарын таап, аялына чыгып, туугандарына, жакындарына чыгып маселелерин чечтирип жүрүп, ошол президенттик үй-бүлөлүк кландык режимге алып келди. 24-марттан бери ошол формада жашап атканыбызга байланыштуу азыр президент Бакиевдин инилерине, балдарына, туугандарына чыгып ошондой эле кадр маселелерин чечип атышат. Бул дагы турмушта далилденди. Бизге президенттик башкаруу жарабайт. Анда бизде кландык, коррупциялык, бир үй-бүлөгө сыйынуучулук режимдерден арыла албайт экенбиз.

Ошондуктан, мен ойлойм, бизге парламенттик башкаруунун формасынан башка форма туура келбейт бүгүнкү күндө. Бакиев дагы буга макул болду. Кийинки парламент 100 пайыз партиялык тизме менен шайланат. Же үчтөн экиси болсун, үчтөн бири регионалдык кызыкчылыгы үчүн бир мандаттуу округдан болсун деп долбоорунда айтылып атат. Парламент идеялардан, программалардан, көз караштардан жана партиялардан куралат. Мурдагыдай сай-сай урук-тууган деген болбойт, мына ошону биз жеткиликтүү элге түшүндүрө албай атабыз.

- Азимбек мырза, сиздин оюңузду тереңдетсек. Мындайча айтканда, премьер, президент мыйзам менен иштегендей көрүнгөнү менен, иш жүзүндө алар тандемдин эрежеси менен жашап атат деген ойдосузбу?

- Тандемдин эрежеси менен жашап, ошондойду кыргыз элине да таңуулагандай аракет кылып атат. Кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстанда болуп аткан башаламандыкка экөөнүн таасири бар, муну ачык эле айтып коеюн, экөөнүн түздөн-түз кийлигишүүсү бар. Мисалы 29-апрелде боло турган митингге да, Рыспектин, Каракулжа, Өзгөңдө болуп аткан нерсеге дагы булардын тиешеси бар. Муну Америкадан, же Орусиядан келип бирөө уюштурган жок, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ушуларды жасап атат.

Эмне үчүн булар ошону кылып атат? Менин байкашымча, экөө оп-окшош адамдар. Эгерде эки башка адам болуп калганда булар тил тапмак. Бакиев менен Кулов бири-биринин кемчилигин, артыкчылыгын айтып, компромисс таап, бир реформа, иш жасаганга бармак. Булар экөө тең окшош, бир гана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, бийликте отурушту гана каалаган жагынан окшош болгондугуна байланыштуу жүрбөй атат эч нерсе.

- Кантип чыгыш керек ушундан. Балким анда Кулов кызматтан кетиш керекпи? Ушул абалдан кантип чыгуу керек?

- Абалдан чыгыш үчүн, тандемди бузуп экөө закон менен жашаш керек. Ошондо кимдин күнөөсү бар экени ачык билинип калат.

- Тандемди кандай бузуш керек, тандем бузулду деп жарыя кылыш керекпи, же эмне кылыш керек?

- Тандем жок, бул премьер-министр, бул президент, экөөбүз ар кимибиз Конституцияда көрсөтүлгөн милдетибизди так аткарышыбыз керек, эл алдына жооп беришибиз керек деп жарыялап чыгыш керек. Бүгүн-эртең телевидениеге чыгып булар дагы айтат, экөөбүздүн тандемибиз жакшынакай, тандемибизге асылып атат деп бүгүн дагы айтат, мен ишенем ошого. Ал сөздү унутуш керек. Президент, премьер-министр катары эл алдына жүрүп, ошондой кызмат жүргүзүш керек. Эгерде ошону жүргүзө албаса экөөнү тең кызматтан кетирүү маселесин коюш керек. 24-марттан кийин эгерде отчет берип чыкпаса, биз Кыргызстанда бардык революционерлердин биргелешкен курултайын өткөрүп туруп, чечим кабыл алалы деп атканбыз жакын арада. Жакын арада реформаны, эл ишене тургандай иш жүргүзөсүңөр, же болбосо биз силерге каршы аракеттерди баштайбыз деп.

- Азимбек мырза, мен суроо бере турган маселе боюнча оюңузду билишим керек го, буга элдин баары кызыгып турат го деген ойдомун. Балыкчы шайлоо округунан Рыспек Акматбаев көп добуш алды. Ушул маселеге сиздин пикириңиз кандай. Бул кишинин парламентке келатышы көптөрдү чочулатып атат. Чочулай турган чындыгында жагдай барбы? Дегеле Рыспек Акматбаевдин феномени айтсаңыз, Сиз баш прокурор болуп турганда, ушул кишини чакырып, иштерин тергеп, сотко өткөрүп бердиңиздер эле. Сот болсо актаган чечим чыгарып койду. Сиз кандай ойдосуз, ушул абалдан кандай чыгыш керек?

- Мен ойлойм, Рыспекти сот актаган жок. Рыспекти менден кийинки келген баш прокурор, анан сотко катышкан прокурор аны каралоодон баш тартканына байланыштуу сот карабай койду. Бул таптакыр башка. Рыспекти тогуз эпизод менен күнөлүү деп сотко бергенбиз. Эгерде ошол райондун прокурору, же баш прокурор өзү эле билип каралоодон баш тарткан жок да. Мен ойлойм, ага дагы тандемдин таасири тийди болуш керек. Ал эми бүгүнкү күндө Рыспектин соттологондугу жоюлган деген чечими чыккандыгына байланыштуу мамлекеттик бийлик кандайдыр бир кемчилиги бар десе, шайлоого катыштырбаш керек болчу.

Шайлоого катышып, 80 пайыз элдин добушун алгандан кийин бүгүн ага эл кожоюн, эл ага мандатты берди. Эгер Рыспекке мандат бербей койсок, ошол элдин, шайлоочулардын укугун бузган болобуз. Бийлик өзүнүн ишин ошого чейин кылыш керек болчу. Шайлоо кодексинде да, конституцияда да так жазылган, мурда соттолгондор болсо ошону толук билип туруп, сотко берип, шайлоого катышканга чейин тактап, четтетип коюш керек эле.

Шайлоого катыштырып алып, иштерин кайра чукуп, эми сотко беребиз деген бул туура эмес. Ар бир шайлоо маселесин Борбордук шайлоо комиссиясы жана сот чечет. Президент дагы, премьер-министр дагы аралаша албайт буга. Анткени бул элдин өкүлү, эл өзү чечет кимге добуш берерин. Мен Рыспектин парламентке келишинен анча деле чочулабайм, андай деле эч нерсе болбойт. Ырас, Балыкчынын эли өзүнүн добушун бергенден кийин ал милдеттүү түрдө отурушу керек. Рыспек келип, “погода” кылат дегенге мен ишенбейм. Себеби, Рыспектей эле, андан да күчтүү такшалган парламентарийлер отурат бүгүнкү күндө. Бирок, Рыспек дагы бүгүнкү күндө мен айткан тандемдин колундагы “оюнчук” болуп атат. Мен ошондон коркуп, чочуп атам. Ошонун негизинде кыргыз эли бөлүнүп, граждандык согушка алып барабы деп коркуп атам. Рыспекти эркелетип аткан ушул тандем, кайра Рыспекке каршы элди көтөрүп аткан да ушул тандем. Ошон үчүн кыргызда сөз бар “жүзүңдү аччы Гүлчөтай” деген. Тандем жүзүн ачыш керек, оюнун токтотуп, элге кызмат кылышы керек.

- Азимбек мырза, Рыспектин иши боюнча 1-Май райондук соту чыгарган чечимди Бишкек шаардык соту карай элек. Ошол себептүү, сот процесси аягына чыга элек деген пикир болуп атат. Сиз юрист катары ушул жагынан пикириңиз кандай?

- Эгерде Бишкек шаардык соту, же Жогорку сот Рыспекти кайсы бир статья менен күнөлүү деп таба турган болсо, ал соттолду деп кайра парламентке алып келет. Айдар Акаевди алгандай кылып эле алып салат анын мандатын. Закондо ал так жазылган, анын талаш-тартышы деле жок. Ошол депутат болгонго чейин мындай кылмышты кылган экен, өкүм чыкты, күчүнө кирди деп Борбордук шайлоо комиссиясы ошонун негизинде алып салат.

- 29-апрелде Алатоо аянтына чыгабыз деп атышат. Бийлик жана бийликке жараша оппозиця делип аткан адамдар бири-бирине кандай кадамдарды жасашы керек?

- Менин оюмча,жыйырма тогузунда митинг уюштуруп аткандардын талабы туура. Президент дагы ошолордун талаптарын ишке ашырышы керек ага чейин. Ишке ашырбаса эл менен жолугуп, эмне үчүн бул чечимдерин аткара албай атканын элге айтышы керек.

29-апрелде митингге чыгып аткан элдин талабы кечээ эле пайда болгон эмес, бул бир жылдан бери келаткан талаптар. Ошондуктан эмне үчүн кечигип атканын, эмне үчүн аны кылалбай жатканын президент чыгып элге түшүндүрүшү керек. Элден качкан президент, көрүп атасыңар, качып кайда жүрөт. 20 киши чыгабы, 100 киши чыгабы президент аларга чыгышы керек. Чыгып сүйлөшүү, түшүндүрүү жолу менен бул маселени чечиш керек. Эч кандай деле чече албай турган проблема жок. Беш-алты кадр маселеси болсо ал деле президенттин колунан келет чечип коюш.

Бирок бир нерсеге мен каршымын, ультиматум жолу менен кадр маселесин чечкенге. Бүгүн ультиматум коюп, Айтбаевди 29-апрелге чейин алып бер десек, эртең Айтбаевдин адамы чыгып 29-майга чейин Айтбаевди коюп бер деп туруп алса эмне болобуз. Мына ошондуктан кыргыз элине ошондой өнөкөттү алып келбеш керек. Президент өзү мурда билип эле, парламенттен ушунча добуш менен ага ишеним көрсөтпөгөндөн кийин ушуга чейин чечим алып коюш керек болчу. Элди ультиматум жол менен чыкканга жеткирбей, өзү буга окшогон маселелерди мурда эле чечиши керек болчу, саясий органдар чечим алып сунуш кылып атканына байланыштуу. Менин позициям президент жана башка чиновниктер чыгып бул маселени чечиши керек. Бул менин эле позициям эмес, революцияны жетектеген Алмаз Атамбаедин да, бардык революционерлердин позициясы ошондой. Президент эл менен жолугуп, эмне талап кылса ошол маселелерди чечип берүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG