Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Эдил Байсаловго ок атылган эмес


БИШКЕК. Эдил Байсаловго ок атылган эмес, иликтөө учурунда анын октон жараат алганынын белгилери табылган жок. Медициналык-криминалисттик экспертиза ушундай тыянак чыгарганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Иликтөөдө белгисиз бирөө Эдил Байсаловду кежиге талаштыра жумуру узун нерсе менен бир жолу ургандыгы аныкталган. Бирок эксперттер ал кандай зат экенин аныктай алган эмес. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов 12-апрелде кол салууга кабылып, башынан оор жараат алган. Азыр анын саламаттыгы канааттандыраарлык.

XS
SM
MD
LG