Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

20-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫ ОКУЯЛАР


1868-жылдын бу күнү теңдешсиз манасчы Сагымбай Орозбак уулу жарык дүйнөгө келген. 1978-жылдын 20-апрелинде Кыргыз ССРинин Жаңы Конституциясы кабыл алынган.

Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, 1868-жылдын бу күнү теңдешсиз манасчы Сагымбай Орозбак уулу жарык дүйнөгө келген. Ал Ысыккөлдүн түндүгүндөгү Сопрой жергесинде көз жарып, 16 жашынан тарта Манас айта баштаган. Сагымбай Орозбак уулу манасчылардын акыркы муунуна кирет жана анын оозунан дастандын биринчи бөлүгү “Манас” гана жазылып алынган.

Замандаштарынын айтымында, өзүн “семетейчи” деп эсептеген Сагымбай Орозбак уулунун өлүмүнө байланыштуу дастандын калган бөлүктөрү кагаз бетине түшпөй калган.

1978-жылдын 20-апрелинде Кыргыз ССРинин Жаңы Конституциясы кабыл алынган. Конституцияда партиянын советтик коомду жетектеп, багыттоодогу ролу, мамлекеттик саясий түзүлүш жана коомдук уюмдар туурасында жаңы беренелер киргизилген. Анткен менен бардык советтик мыйзамдардай эле Жаңы редакциядагы Конституция да коомдон жана реалдуу турмуштан узакташкан маани-мазмуну менен айырмаланган.

1843-жылдын 20-апрелинде орус падышалык бийлиги Сибирге калкты жайгаштыруу жардыгын кабыл алган. Ага ылайык, миңдеген орус дыйкандары борбордук аймактардан чыгышка жер которушуп, жаңы аймактарды өздөштүрүп башташкан.

Бу күн – 1808-жылы француз монархы Наполеон III; 1856-жылы орус философу В.В.Розанов; 1889-жылы Германиядагы фашисттик бийликти орноткон Адольф Гитлер жана 1950-жылы орус саясатчысы Александр Лебедь жарык дүйнөгө келген.

Бу күнү Кытайда Теңир ханышасы Тянь-хэ майрамы белгиленет. Кытайлардын ишенимине ылайык, ал деңиз саякатчыларын коргойт жана аларга ак жол тилейт деген ишеним айтылат.

Ушул эле күнү Кытайда Мацу майрамы белгиленет. Уламышка караганда, Мацу б.з. 960-жылы жарык дүйнөгө келген. Мацу секелек чагында инисин суудан куткарып, 28 жашында кайып болгон. Ал карапайым кишилерге жардамын аябагандан улам, адамдар ага Деңиз кудайы жана Теңир ханайымы деген титул ыроолошкон.
XS
SM
MD
LG