Маселен кечээ Лондон биржасындагы соодада баа жаңы рекорддук чекти багындырып, кара майдын бир баррели 74 долларга чейин жетти. Бирок кайра соода аяктаган кезде мындан 27 центке арзандады.
Аналитиктер баанын өсүүсүн Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чатакка байланыштырышууда. Иран мунай экспорттоо жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Ошондой эле мунайды эң көп керектеген өлкөлөрдүн бири - АКШда бензиндин кору акыркы аптада эле 5 миллион баррелден ашуунга азайганы да кымбаттоонун дагы бир себеби катары айтылууда. АКШ өкмөтү жарыялаган бул маалымат мурда болжолдонгондон бир топ жогору көрсөткүч экен.