Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

ГЕЙДАР АЛИЕВГЕ БИШКЕКТЕ ЭСТЕЛИК ОРНОТУУГА КАРШЫЛЫК КҮЧТҮҮ


Бишкек шаарында Азербайжан мамлекетинин мурдагы президенти Гейдар Алиевге эстелик орнотуу аракети жүрүүдө. Бул маалыматты 18-апрель күнкү санында “Вечерний Бишкек” гезити, 19-апрель күнү “АКИпресс” маалымат агенттиги таратты. Анда Азербайжандын мурдагы президенти, кезинде Азербайжан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысы, СССР министрлер советинин төрагасынын биринчи орунбасары болуп да иштеген Гейдар Алиевдин эстелиги Бишкектин Токтогул-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги чакан сейилбакта орнотулары айтылат.

Бирок, кандайдыр бир себептерден улам бул иш-аракетке катышы бар адамдар маалыматты бышыктоодон качып жатышат.
Кыргызстандагы азербайжандардын “Азери” коомундагылар эстелик коюу маселеси толук чечилгенден кийин гана сүйлөп беришерин эскертишсе, Бишкек шаардык архитектура башкармасындагылар бул маселе тууралу азыр Лондондо иш сапар менен жүргөн башкы архитектор Каныбек Нарбаев гана айта аларын кыйытышты. Анткен менен Гейдар Алиевге Бишкекте эстелик орнотуу маселесине эч ким кайдигер карабайт шекилдүү.

Маселен, журналист Ырысбек Өмүрзаков сөзүн какшык менен баштады:

-Биротоло эле ак үйдүн астына орнотуп ташташса болмок... Гейдар Алиевдин эстелигин Кыргызстанга эмнеге коюш керек?! Эстелик эмес, эмгеги жөнүндө эч кандай маалымат айтылбай калган канча кыргыз инсандарыбыз бар: жазуучулар, көркөм өнөр чеберлери, коомдук ишмерлер! Аларды унутта калтырып, анан кыргызга, Кыргызстанга тиешеси жок Гейдар Алиевге эстелик орнотсок башкаларга шылдың болбойбузбу...

Коммунист жана экс-депутат Орозбек Дүйшеев Гейдар Алиевдин Азербайжан жана жалпы эле СССР үчүн эмгеги бир топ болгондугун эскерүү менен, анын комунистик партиядан кийин чыгып кеткендигин, өз уулун Азербайжандын президенттигине зордоп өткөргөндүгүн терс сыпаттады.

Бишкектеги тарых музейинин деректири Жумалы Момункулов Гейдар Алиевдин Кыргызстан үчүн жасаган көзгө көрүнөрлүк иши болбосо, ага тектеш тилдүү элдин жетекчиси болгондугу үчүн боор тартып атабызбы деген кыязда суроо койду. Бул иш – тескери тенденциянын башталышы болуп калышы мүмкүн. Гейдар Алиевге эстелик койсок, бизге көптөн-көп көмөгү тийген Орусия мамлекети, ал тургай азыркы мамилелешибиз Кытайдан бери эртең ушундай эстелик коюу сунуштары менен келиши ырас экендигин баса белгиледи.

“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Жалалабадда иш сапар менен жүрүп, бул маселе боюнча мындай пикирин бөлүштү:

-Гейдар Алиевге Бишкекте эстелик орнотулушуна мен таптакыр каршымын. Себеби, ал Советтер Союзундагы тоталитардык диктатуранын бирден бир өкүлү болгон. Азербайжанда миңдеген адамдарды саясий куугунтукка алган. Андай болсо, эртең-бүрсүгүнү Ислам Каримовго дагы эстелик тургузушубуз керек экен да? Кыргызстандын мамлекет катары так идеологиялык багыты болуш керек!

Гейдар Алиевдин Бишкекке орнотулчу эстелиги Азербайжандын борбору Баку шаарында жасалары дагы маалымдалууда. Мындан улам бул маселеге Азербайжандын азыркы президентинин - Гейдар Алиевди уулунун катышы бар го деп божомолдогондор да жок эмес.

XS
SM
MD
LG