Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

17- МАЙДА БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК БИРИНЧИ КЫРГЫЗ ТУРИЗМ ЖАРМАҢКЕСИ ӨТКӨРҮЛӨТ


17-19-майда Бишкекте «Туризм жана саясат» деп аталган эл аралык биринчи Кыргыз туризм жармаңкеси болмокчу.

Мурдакы жармаңкелер Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлуп келсе, эл аралык биринчи Кыргыз туризм жармаңке- көргөзмөсү улуттук көркөм сүрөт музейинде болмокчу. 22-мартта Москвада өтүүчү «Саякат жана туризм» аттуу эл аралык 13- көргөзмөсүнө Кыргызстандын ондон ашуун турфирмалары катышканы жөнөп кетишкен. Ошондой эле 27-апрелде Алматыда «Эл аралык 6-Казакстан туризми» жармаңкеси болмокчу. Ушул Алматыдагы жармаңкеде «Кыргызстандагы туризм бизнесинин өнүгүшү» аттуу көргөзмө коюлуп, пресс- конференция дагы өткөрүлөт.

Себеби Казакстандын айрым туристтик фирмалары ар жыл сайын Ысыккөлдө эс алууну көздөгөндөргө антиреклама кылып, казакстандык туристтерди Түркия, Кипр жана башка өлкөлөргө үгүттөп келишкен. Натыйжада жыл өткөн сайын өлкөдөгү окуялардын таасиринен Ысыккөлдө эс алуучу казактардын саны кескин азая баштаган. Москвадагы туристтик жармаңкеге жүздөн ашуун өлкөнүн 3 миңге жакын турфирмаларынын өкүлдөрү катышууга ниет кылып жатышат. Ал эми Алматыдагы туризм жармаңкесине кырктан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келишээрин убада кылышкан.

Бишкекте 17- майда өткөрүлүүгө камылга көрүлүп жаткан «эл аралык биринчи Кыргыз туризми» жармаңексинин максаты тууралуу өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министринин орун басары Турсубек Мамашев мындай деди:

- Дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө өтө аз билишет. Ысыккөл, асман тиреген тоолорубуз, тарыхый эстелик, мурасттар тууралуу толук маалымат бере албай келебиз. Маалыматтан аксап турабыз. Ошентсе да реклама, маркетинг кызматын колго алуунун бир аракети ушул Эл аралык жармаңке өткөрүү. Ушул Бишкектеги туристтик жармаңкеге туштап атайын китеп, жана “Да” журналынын бир санын чыгарганы жатабыз. Кыргызстандын туризм тармагына эларалык уюмдардын жардамы, журналисттердин колдоосу керек болуп турат. Мына ушундай жол менен өлкөнү таанытып, инвестиция алып келүүгө аракет кылып жаткан учур.

Мындай жармаңке уюштуруу зор натыйжа берээрин жана өлкөнүн туризм тармагына мамлекеттик деңгээлде колдоо зарылдыгын Москвадагы “ Белый параход” турфирмасынын директору Адилет Шамырканов белгиледи:
- Бишкектеги “эл аралык биринчи Кыргыз туризми” жармаңкесине сөзсүз келип катышабыз. Кыргызстанда туристтерди тейлөөнүн сапатын, маданиятын жогорулатууга ушул жармаңке үлуш кошот деп ойлойм. Кыргызстанда жолду оңдоп, аба жол каттамдарын дагы жакшыртуу керек. Туризмди өкмөттүк денгээлде колдоо зарыл.

Мурдакы жылдары Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 1 миллионго жакын туристтер келсе, өткөн жылы 650 миң турист келген. Быйыл 17- майдан 19 майга чейин өтүүчү Бишкекте эл аралык туристтик жармаңкеге 60 өлкөнүн өкүлдөрү, туроператор, журналисттери чакырылууда. Жармаңкени уюштурууга өкмөттүн казынасынан 3 миллион сом каражат бөлүнүүдө. Жармаңке учурунда чет өлкөлүк журналисттер, туроператорлор үчүн Ысыккөлгө, Ош, Жалалабат жана башка туристтик аймактарга атайын саякат дагы уюштурулмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG