Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

ЖАЛАЛАБАТ : КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ БАШКАРУУ ЫЛАЙЫК?


Кыргызстанга кандай башкаруу ыкмасы туура келери жөнүндөгү маселе Жалалабатта өткөн талкууда кеңири талаш туудурду. Айыл чарбалуу жана экономикасы өнүгө элек өлкө үчүн президенттик башкарууну жактагандар менен катар парламенттик түзүлүшкө ыктагандар да аз эмес. Үчүнчү бирөөлөрдүн пикиринде башкаруунун бардык ыкмасын элге кеңири түшүндүрүп, Конституцияны жаңылагандан кийин гана референдумга баруу жемиштүү болот.

Экономикасы чабал жана айыл чарбасы көтөрүм болгон Кыргызстан үчүн президенттик башкаруудан өткөн ыкма жок. “Дыйкандар” партиясынын өкүлү Куттубек Асылбеков мындай ойлорун жаштардын келечеги менен да байланыштырды:

- Айыл жерлеринде электорат өсө элек. Айыл жерлеринде жаштар өсүш керек. Жаштар мыкты ой жүгүртө алганда Конституцияны ойлонуп туруп жазабыз.

Президенттик башкаруу орнобогондуктан өлкөдө кош бийлик түзүлүп, быйылкы бюджет кеч кабыл алынды. Парламенттик башкаруу үчүн саясий маданияттуулук жетишпейт. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев ушуларга токтолуу менен мамлекеттик түзүлүштүн бардык ыкмаларынын артыкчылык-кемчиликтерин айтты:

- Президентти шайлайт. Анда бир партия, же партиялардын бир тобу бийликтин үч тармагынын экөөнү, парламентти да, аткаруу бийлигин да колго алат. Фашизм да парламенттик жолу менен бийликке келген.

Парламенттик башкаруу азыркы Жогорку Кеңештен арылтат. Партиялар арасында атаандашуучулук күчөп, президенттин жоопкерчилиги жогорулайт:

- Биз парламенттик башкарууга келип президенттин ролун жогорулатабыз. Анткени президент аткаруу бийлигинин, закон чыгаруучу парламенттин, сот бийлигинин үстүнөн Конституциянын гаранты катары конролдоп карап турат. Парламентти түп-тамырынан бери жаңы шайлашыбыз керек. Кандайча келет парламентке, баягы мурунку 500-5 миң кишинин добушун алып, же болбосо административдик ресурсту колдонуп, же болсобо акча берип сатып алган парламенттен биз этият болушубуз керек.

“Aр-намыс” партиясынын координатору Бөдөш Мамырованын парламенттик башкарууну жактаган сөзүнө каршы сүйлөгөндөр да болду. “Жашылдар партиясынын төрайымы Анара Султангазиева Баш мыйзамды улуттун кабылдоосуна жараша түзүүнү сунуш кылды:

- Конституцины биздин менталитетибизге, элибизге ылайкташтырсак болот. Өзүбүзгө төп келиштирип, бизге жаккандай, жашообузду оңдой тургандай кылып жазсак болот.

Анын оюн «Асаба» партиясынын өкүлү да коштоду. “Эрк” партиясынын координатору Медер Үсөновдун оюнда башкаруунун ар бир ыкмасын эл толук түшүнгөндөн кийин гана маселени референдумга коюу керек:

- Референдумга коердун алдында башкаруунун формаларын иштеп чыгып элге таркатыш керек. Азыр өздөрү эле мойнуна алып атат ар биринин кемчиликтери бар деп. Туура, кемчиликтери бар. Ошол кемчиликтердин үстүнөн иштеп туруп, анан элге бериш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG