БИШКЕК. Бүгүн Баткен шаарында «Өрүкзар мекенинде» деп аталган эл аралык фестиваль уланат. Ага Кыргызстандын түштүк дубандарынын, кошуналаш Тажикстандын Согду жана Өзбекстандын Фергана облустарынын өнөрпоздору катышууда. Бул иш чаранын алкагында түрдүү оюн-зооктор, көргөзмөлөр уюштурулат. Кыргызстандын маданият министрлигинин 100 маданий иш чара долбоорунун алкагында өтүп жаткан бул фестиваль чектеш аймактардагы элдердин достугун бекемдөө максатын көздөйт. Аны БУУнун өнүктүрүү программасы колдоого алган.
Шайырбек Эркин уулу
Редактору Бакыт Орунбеков
Шайырбек Эркин уулу
Редактору Бакыт Орунбеков