БИШКЕК. Бүгүн Талас шаарында Жерүй алтын кениндеги иш токтоп калганына байланыштуу нааразылык митинги өтөт. Ага 10 миңдей адам катышаары айтылууда. Митингге Демокртаиялык күчтөр биримдигинин да өкүлдөрү катышуусу күтүлүп жатат. Анда 29-апрелде Бишкекте боло турган кеңири алкактагы митингге да тилектештик билдирилмекчи.