Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

АПТА КААРМАНЫ – АЛМАЗ АТАМБАЕВ


Жума күнү 21-апрелде Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу билдирүү таратты. Анын мындай кадамга баруусуна жаңы бийликтин жүргүзгөн саясаты, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын күчөшү, чечкиндүү реформаларндын жүрбөгөнү себеп болгон. Президенттин маалымат кызматы Алмаз Атамбаев кызматтан кетүү менен өзүнүн алсыздыгын көрсөттү деп бааласа, айрым саясатчылар аны президенттик орунга татыктуу саясатчы, ошого жараша кадам таштады деген ойду айтышууда.

Алмаз Атамбаев 50 жашта. 1980-жылы Россиянын башкаруу акадаемиясын бүткөн. “Форум” өндүрүш тобунун директорлор кеңешинин төрагасы. Социал-демократиялык партиясынын жетекчиси. Кыргызстан демократиялык күчтөр бирикмесинин лидерлеринин бири. 2005-жылдан бери Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп иштеп келген.

Алмаз Атамбаев - Кыргызстанда биринчилерден болуп өндүрүштү талап-тоноолордон сактап калуу аракетин көргөн уюштургуч ишкер жетекчи катары таанылган инсан. Ал Аскар Акаевдин учурунда бийлик тарабынан куугунтукка алынып, өмүрүнө кол салуу коркунучу туулган. Өткөн жылдын 24-мартында Алмаз Атамбаев “Социал-демократиялык” партиянын беш миңден ашуун мүчөлөрүн борбордук аянтка баштап чыгып, экс-президенттин бийлигинин кулашына чоң салым кошкондордун бири.

Атамбаевди жакындан билгендер аны уюштургуч өндүрүшчү, жаңы көз караштагы саясатчы катары баалашат. Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинде аз убакыттын аралыгында аткарган иштери анын өндүрүш үчүн “ичкен ашын жерге койгон” мыкты уюштургуч экендигин көрсөттү дейт Жогорку Кеңештин экономика комитетинин төрагасы Замир Эсенаманов:

- Алмаз Атамбаев министр болуп иштегенден бери ал өндүрүштү алдыга жылдырайын деп жанталашып жүрдү. Кийинки эле бир мисалы, кийим тигүүчүлөрдү көмүскө иштөөдөн чыгарып, алардын кийин пенсияга чыгуусуна чейин аракет кылып, өзү чуркап жүрүп мыйзам кабыл алдырды.

Депутат Замир Эсенаманов белгилегендей, Алмаз Атамбаев токтоп калган ишканаларды жандандыруу, мамлекеттин менчигинде турган энергетика тармагын, кыргыз газ, аба жолдору жана башка ишканалардын башкаруу системасын өзгөртүүгө далалаттарды кылып келген.

Бирок “Курманжан датка” коомдук корунун төрайымы Жылдыз Жолдошева
Атамбаевди өнөр жай тармагындагы жогорку деңгээлдеги жетекчи деп атоого болбойт, дейт:

-Алмаз Атамбаевди өнөр жайды жогорку деңгээлде билген адам катары эч качан көргөн эмесмин. Эгерде өнөр жай тармактарында акчасы көп болсо эле аны өндүрүштү мыкты билет деп айтууга болбойт. Базар экономикасында көптөгөн кишилердин өнөр жай тармагында болобу, башка копманияларда болобу каражаттары көп. Ал эми Атамбаев саясатчы катары Акаевдин доорунда Бекназаров, Мадумаров, Турсунбай Бакир уулу сыяктуу өз көз карашын ачык көрсөткөн жок. Кыраакы саясатчы экендигин коомго далилдей алган эмес.

Жылдыз Жолдошева Атамбаевдин кызматтан кеткенин президенттик такты талашуу үчүн атайын саясий упай топтоого кылган аракети катары бааларын да кошумчалады.

-Алмаз Атамбаев саясатчы катары Кыргызстанда өзүнүн татыктуу ордун ээлеген көрүнүктүү саясий лидерлердин бири. Ал бул убакка чейин курулай эле саясий билдирүүлөр менен аракеттенип, куру дымагын көрсөтпөй конкреттүү түрдө өнөр жай ишканаларын, заводдорду иштетип сактап калууда өзүнүн көп үлүшүн кошту. Ошондой эле биз аны бизнесте болобу, саясатта болобу прагматик, эмоцияга алдырбай иштеп келатканын инсан катары билебиз, дейт КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев.

Алмаз Атамбаевдин Өнөр жай,соода жана туризм министрлигенен өз каалоосу менен кетүү тууралуу билдирүүсү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Ал өз билдирүүсүндө, азыркы жогорку бийликте мурдагыдай эле үйбүлөлүк саясаттын орун алышы, коррупциянын, уюшкан кылмыштуулуктун күч алышы, башкаруу бийлигинде реформанын жүргүзүлбөгөндүгүн айтып, бүгүнкү бийликти сынга алган. Анын мындай билдирүүсүнө президенттин басма сөз кызматы жооп кылып, 24-марттагы ыңкылаптан кийин өлкө башчысы атайын Алмаз Атамбаевдин эмгегин эске алып, ага ишенип жооптуу тармакты тапшырган, бирок Атамбаев саясий кадырын көтөрүү максатында, президенттин ишенимин актаган жок деп билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Алмаз Атамбаев кызматтан кетүү менен өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. Ал жооптуу, өкмөттүн түйшүктүу ишинен көрө саясий шаң-шарапатка көбүрөөк ыктады.

Айрым байкоочулардын пикиринде Президент Курманбек Бакиев менен Алмаз Атамбаевдин ортосундагы ырк 29-апрелдеги саясий митингден улам катуураак кеткен. Анткени К. Байболов, Ө.Текебаев, Т. Сариев, Б. Шерниязов, М. Эшимканов, Д. Садырбаев, Ж. Сатыбалдиев, Э.Байсалов сыяктуу саясатчылар уюштуруп жаткан митингге Алмаз Атамбаев дагы өзүнүн тилектештигин билдирген.

Ошондон соң Президент К. Бакиев жакында өкмөт мүчөлөрүнө саясий ишти, же креслону тандагыла деген шарт койгон. Москвага кетип жатып Алмаз Атамбаев басма сөз кызматы аркылуу мамлекеттик жетекчилердин партиягы мүчө болушу алардын конституциялык укугу экенин айткан эле.

Андан кийин Президент Бакиев жаштар форумунда сүйлөп жатып президентти, премьерди сындаган өкмөт мүчөлөрү катуу жазаланат деген болчу.

Кечээ жакында Москвадан иш сапарынан кайтып келген министр Алмаз Атамбаев Ак үйдүн 7-кабатында Курманбек Бакиев менен жекеме-жеке катуу сүйлөшкөнү айтылууда.

Алмаз Атамбаев 2000-жылы президенттик шайлоого катышып, мурдагы президенттин шаштысын алган саясатчы катары таанылган. 24-марттагы окуяга өзүнүн чоң салымын кошкон саясатчы катары азыр көп нерселер аткарылбай жатканын “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнө чакырылганда минтип айткан эле:

- Алты ай болду министр болуп иштегеним. Бирок ыңкылаптан кийин жаңы бийликке элдин ишеними аябагандай чоң болчу. Ал үмүттөр азырынча толук бойдон актала элек. Аларды акташ да абдан кыйын. Элдин үмүтүн акташ үчүн президент дагы, өкмөт дагы жакшы иштеши керек.

Атамбаевдин министрлик кызматтан өз эрки менен кетиши азыркы бийликке карата оппозиция болуп жаткандардын катары дагы бир күчтүү саясатчы менен толукталды дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG