Узап бара жаткан аптада Бишкекте К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драма театрынын артистеринин чыгармачылык гастролу өттү.
Театрдын чыгармачыл жамааты бишкектик көрүүчүлөргө Маданият министрлигинин сынынан өткөн алты спектаклди алып келишкен. Алар эстон, казак, орус жана кыргыз драматургдарынын чыгармалары боюнча коюлган «Макбет», «Арзуу кумары» «Эңсеген түн», «Медея» «Алтынчы күнү кечинде», «Баян» спектаклдери. Ошондой эле борбордун көрөрмандарына «Азем» фольклордук жана «Проходной двор» рок топторунун концерттери көрсөтүлдү.
Театрдын көркөм жетекчиси, Кыргы Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Алышбаевдин айтымында эстон драматургу Эдлистин «Арзуу кумары» аттуу спектакли жакында өтүүчү республикалык «Нооруз» фестивалында көрсөтүлөт, ал эми «Макбет» менен сентябрь айында Орусиянын Уфа шаарында өтө турган эл аралык фестивалга сапар алышат.
И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин студентерине режиссер Темиралы Наймашевдин «Туңгуюк», «Күзгү жалбырак» аттуу көркөм тасмаларды көрсөтүлдү. Кинорежисердун жеке каражатынынын эсебинен тартылган бул тасмаларда аракечтик, ичкиликтин айынан үй-бүлөдө болгон чыр- чатактар чагылдырылган. Жаштарды туура жолго үндөө максатында өткөрүлгөн мындай иш-чарадан соң студенттер арасында режиссер катышкан талкуулар жүрдү. Окуу жайдын жаштар менен иштөө комитетинин төрайымы Роза Темиралиева тасма студенттерге кандай таасир бергендиги тууралуу буларды кеп салды:
-Студенттер менен сүйлөшкөнүбүздө алар: «Бул тасма бизди ичкиликке жолобогонго түрткү кылды»- деп айтышты.
Роза Темиралиеванын айтымында ушундай темадагы көркөм тасмалар май айында борборубуздагы «Октябрь» кинотеатрында жаштарга акысыз көрсөтүлөт. Андан соң элет жериндеги улан-кыздарга тартууланат.
20-21-22-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда белгилүү ырчы Муктар Атаналиев уюштурган “Эл ырчысын эл тандайт-2” телесынагынын отчеттук концерти болуп өттү. Концертте ар бир катышып жаткан конкурсант өзү жеке жаңы ыр аткаруу менен таанымал эстрада ырчылары Салима Балтаева, Нуриса Абазова, Айбек Карымов, Расул Маматкулов, “Айкөл” тобу жана долбоордун жетекчиси Мухтар Атаналиев менен бирге дует аткарышты.
Бул сынакка жалпысынан бардык облустан 700 адам катышып, жарым финалга 18 катышуучу чыккан. Алардын ичинен 7 улан-кыз «мыктылардын мыктысы» аталып, 15 күн ар тараптуу даярдыктан өтүштү. Бул жылкы сынакка КРнын Маданият министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлгөнүн долбоордун продюссери Абдыш Айылчиев билдирди.
20-апрелде Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры Орусиянын Владикавказ шаарына жөнөп кетишти. «Сахна чексиз» аттуу Эл аралык үчүнчү театралдык фестивалда кыргыз артистери “Бөрү канчык» аттуу спектаклди көрсөтүшөт, ошондой эле аталган фестивалдын алкагында кыргызстандык «Рахат» бийчилер тобу тажик өнөрпоздору менен биргеликте концерт коюшат.
Айжан Шаботоева, Бишкек