БИШКЕК. Кечээ Куршаб жана Кадамжай округдарында Жогорку Кеңештин депутаттагына шайлоонун экинчи айлампасы боюнча добуш берүү болду. Кадамжай шайлоо округу боюнча 51 пайыз добуш менен Нооманжан Аркабаев озуп чыкты. Ал эми Куршаб шайлоо округу боюнча Мамат Орозбаев алдыга чыкканы белгилүү болду. Бирок берки талапкерлердин жактоочулары айрым шайлоо участкалары боюнча добуштарды кайра санатуу демилгеси менен чыгып атышат.