Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ОШ: МИТИНГ ДЕМИЛГЕЧИЛЕРИ БИЙЛИК КЫСЫМЫНА КАБЫЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 26-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында боло турган коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы тынчтык митингин өткөрүүгө жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо органдары тоскоолдук кылып жатышат. “Реформа үчүн” кыймылынын төрагасынын орунбасары Анвар Артыковдун айтымында, бийлик тарабынан жарандарды митингге чыкпагыла деген коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат.

Демократиялык күчтөрдүн “Реформа үчүн” кыйылынын төрагасынын орунбасары Анвар Артыков 26-апрель күнү Ош шаарында боло турган тынчтык митингин өткөзбөө үчүн бийлик болгон күч аракетин көрүп, коркутуп-үркүткөнгө чейин барып жатат деген билдирүү таркатты:

- Бийликтин өкүлдөрү, айрыкча СНБ, шаардык милициянын начальниги Мырзаматов биз менен иштеп аткан кээ бир кишилерди бирден-бирден чакырып алып, силер атыласыңар, түрмөгө түшөсүңөр деген сөздөрдү айтып атат. Өзүңөр баа бергиле, мыйзамды ким бузуп атат. Биз мыйзам ченемде чыгып атабыз.

Анвар Артыков мырза тынчтык митингинде көтөрүлө турган кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияны ооздуктоо боюнча талаптарга бийлик кайдыгер боло турган болсо, күндөн күнгө алардын койгон талаптары күч алышы мүмкүн экендигин эскертти:

- Эч укпай туруп алса, анда катуу талаптар чыгат. Бирок биздин максатыбыз бийликти алып салыш эмес, бийликти жолго салыш.

Ал эми маалымат жыйынына каршы пикир айтуу үчүн келген Эмгек жана биримдик саясий партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы Абдували Токтомаматов тынчтык митингин өткөрүүнүн азырынча зарылдыгы жок деп эсептейт:

- Мен ачык эле айтам, булар бузукулук саясатын жүргүзүп атканына мен каршымын. Бийликтен алып койгондон кийин чыгып атат, эмне үчүн бийликтин убагында чыкпайт. Көп жылдардан бери отурукташып калган коррупцияны бир жылдын ичинде жок кылуу мүмкүн эмес нерсе.

Анвар Артыковдун айтымында, тынчтык митингисине ондон ашуун коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана карапайым калк катмары катышат.

XS
SM
MD
LG