БИШКЕК. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Рыспек Акматбаевдин жактоочуларына жооп кайтарып, шайлоо кодексинин 56-беренесине ылайык, сот кайсы бир талапкерге карата кылмыш ишти карап аткан болсо БШК соттун чечими чыкканга чейин шайлоонун жыйынтыгын аныктабай турат деп билдирди. Бишкек шаардык сотунда учурда Рыспек Акматбаев баштаган 8 адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши жатат. Алар төрт адамды өлтүргөн деп айыпталышууда.
Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова