Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

БИЙЛИКТИН ИШИНЕ НӨЛ ДЕГЕН БАА, АЛМАЗ КАНТИП КУРЧУДУ?


25-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин бир жыл ичинде кетирген каталыктары, 29-апрелдеги митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

“Агым” гезити” “Чириген өндүрүш чынжырын ким үзөт? деген фотоколлаж менен чыкты. “Агымдын” өз кабарчысы Шабдан Сулаймантегин учурдагы бийликтин ишине “Нөл” деген баа берип, бир жылда чеке жылытаарлык иш аткарбаганын талдоого алат.

“Курманбек Бакиевдин бакыйып такка отурганына бир жылга чукулдады. Эмне өзгөрүү болду? Эмне жылыш болду? Нөл. Жаңы бийлик көпчүлүктүн үмүтүн актай алган жок. Элдин койгон талабы талкаланды, мүдөөсү мүдүрүлдү. Акаев заманында коррупция жетинчи кабатка жетсе, бүгүн ага кошулуп криминалдык дүйнө жетинчи кабатты желкелеп отуру,”- деп баяндайт Шабдан Сулаймантегин.

“Айтор, баягы эле көртурмуш. Баягы эле жеп-ичкич чиновниктер. Баягы эле дүркүрөп өскөн коррупция. Акаевдин мезгилинде аркы жээктен аз да болсо үмүттүн шооласы, жарыктын шооласы көрүнүп турчу эле, азыр ал шоола да өчүп баратат. Кыргыз мамлекети караңгы туңгуюкка кептелүүдө.

"Ботокөздү алам деп, чалма этектен айрылдым" деген кембагал кыргыздын күйүттүү арманы да ушундан улам айтылса керек,”- деп жыйынтыктайт макаласын автор.

25- апрелдеги “Агымда” кабарчы Асланбек Сартбаев президентинин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков менен маектешкен. Анда "Оштун эки районунда болуп, кызматтан алынган эки акимди кайра коюп келгенин, 29-апрелдеги митингге атайын аялдарды каршы тукурганы жатыптыр..." деген каңшаар жалган экенин, көшөгө артындагы оюндар ишке ашпастынын Үсөн Сыдыков айткан.

“29- арелдеги митингдин өзү бийликти алуунун гана аракети. Айтышат экен, криминал деп. Бийлик кайсы криминал менен байланышып атыптыр, кана биздеги криминал? Эми минткен болбойт да.
Биз тынчтык митингге каршы эмеспиз. Эгер элдин атынан чыгып, негиздүү ой-пикирлер айтылса, угабыз. Агер мындай болбой, карасанатайлыкта Акүйгө асылышса, кокус төңкөрүш жасайбыз деген арамза жүрүштөргө барышса, айтып коеюн, катуу жообун алышат” деген “Агымга” берген маегинде Үсөн Сыдыков.

“Бийлик мунарасында, Трагедия шамалыбы?” деп аталат “Агымдагы” кабарчы Асланбек Сартбаевдин макаласы. “29-апрель. Бул күнү болчу чоң митингге бийлик ак эткенден так этип, катуу коргонууну көздөп калды. Ар тараптан даярданып атышат. Жаман айтпай жакшы жок, кокус тополоң чыгып кетчү болсо (провокация ж.б. күчтөрдүн негизинде), оппозиция лидерлерин аеосуз куугунтуктаганга да сценарийлерин жазып коюшкандыр. Мындай орго ким түшөт, али белгисиз. Эске алалы, эки жээктин тиреши элдешкис аракетке бараткандай...” деп тынсызданат “Агымдын” кабарчысы Асланбек Сартбаев.

“Агым”, “Аалам”, “Кыргыз руху”, “Кыргыз туусу” жана башка гезиттер Кыргызстандын эки округундагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Анда Куршаб шайлоо округунан Мамат Орозбаевдин, Кадамжай округунан Нооманжан Аркабаевдин озуп чыгышы жана Өзгөндөгү шайлоочулардын нааразычылыгы тууралуу айтылган.

29-апрелге белгиленген жүрүш элде кандай пикирлерди жаратууда? деп 25- апрелдеги «Аалам» гезити түрдүү пикирлерди жарыялады.

"Мен демонстрацияга чыгып аткан элдерди колдойм. Анткени, бийликтен талап кылбасак, мисалы коррупция мындан ары деле улана берет. Дагы башка маселелер чечилбесе, акырында Кыргызстан жок болот",- дейт Нива" айыл чарба кооперативинин директорунун орун басары Базарбек Алишеров.

"Мен элдин тынчтыгын, биримдигин каалайм. Азыркы жашообузда аз да болсо жаңылануу болуп калды го. Азыркы бийликтин кылып аткан иштерине нааразычылыгым жок. Депутаттар болсо жарымы эл үчүн чындап күйүп-бышып жатса, жарымы жаман иштерди кылууда. Муну эл көрүп-билип турат. Кайсыл депутаттар элди кайсыл жолго үндөп жатканын биз беш колубуздай билебиз» деген пикир айткан Бишкектин тургуну Саадат Кадырова.

“Аалам” гезити Президент К.Бакиевдин Орусияга расмий иш сапар менен баруу алдында АКШнын "Манастагы" авиабазасы тууралуу билдирүү жасагандыгына караганда Москва "АКШ авиабазасын чыгарып кетмейинче, биз силерге ири инвестиция жумшабайбыз, ГЭСтериңердин, алюминий заводунун курулуштары жөнүндөгү маселелер да чечилбейт" - деп ачык эле айтса керек. Экинчи чоң өнөктөшүбүз Кытай "Манастагы" авиабаза жөнүндө укканда тайфундун атын уккандай аллергия болуп кетери мурдатан белгилүү. Ошентип, эки дөөнүн кысымында калган К.Бакиев өзү үчүн ылайыксыз учурда. "Эгерде АКШнын өкмөтү 1-июнга чейин ижара акыны чечпесе эки тараптуу келишимден чыгып, авиабазаны биротоло чыгарып кетүү жөнүндө маселе коё тургандыгы жөнүндө билдирүү жасоого аргасыз болду окшойт.» деп маалымдайт.

“Кыргыз руху” гезити “коом өнүгүшү карама- каршылыкка эмес, биримдик менен ынтымакка көз каранды экенин айтып, “Аскар Акаевдин жакшы касиети бар эле, Улан Сарбанов, Кубан Абдымен, Эсен Топоевге окшогон саясатка аралашпай өз ишин билген кадрларды иштетип койчу. Өздөрү Тойчубек Касымов, Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков өңдүү фигуралар менен саясый шоулардын шорун катырып журө берчү” деп талдоого алат. “Бүгүнкү бийликке каршы аттанган оппозициячылар биз бийлик талашкан жокпуз. Дастан Сарыгулов, Үсөн Сыдыковго окшогон элге жек көрүнүп бүткөн кадрларынан арылсын депатабыз дешет. Демек, логокага таянсак, оппозицияга Курманбек Бакиевдин орду эмес, Дастан Сарыгулов же Үсөн Сыдыковдун орду керек экен да “ деп жыйынтыктайт баш макаласын “Кыргыз руху” гезити.

”Алмаз кантип курчуду? деп “Кыргыз рухуна” редактор Болотбек Таштаналиев Алмаз Атамбаевдин саясый бейенесин ачып берген. “Алмаз Атамбаев үчүн министрлик орун өтө эле кичине болчу. Министрликке карганда партиялык ишмердиги жана “Форумдагы” иши алда канча жакын жана жагымдуу эле. Ошон үчүн ал министрлик кызматта өзүн толук көрсөтө албады. Ал өкмөт менен келишпестиктикке барган кадамдарды гана жасады. Аны Бакиев бийлигиндеги министрлик ишмердиги болушунча эле курчутту көрүнөт” деп маалымдайт Болотбек Таштаналиев.

“Кыргыз туусу”, Эркинтоо” “МСН” жана “Слово Кыргызстана” гезиттери кечээ президент Курманбек Бакиев Орусиянын борбору Москвага барганын, президент Владимир Путин менен расмий жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, келишимдерге кол койгонун маалымдады.

“Кыргыз туусунун” кабарчысы Догдурбек Юсупов мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен маектешкен. “Жаңы бийлик экономиканын өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатткан коррупцияга каршы ачык күрөш баштады. Артыкбаш митингдерге, пикеттерге чыгууларды токтотуп, көңүлдү чарбалык иштерге буруу- мезгилдин да, элдин да талабы болуп турат” деген пикирде мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

“Жаны кылым” гезити “ Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деп коллаж берип, “ Кандай болгондо дагы бийлик менен оппозициянын өзөгү бир эмеспи” деп жазат. “Эки дөө кырылышса ортодо кара чымын кырылат болуп, эл кыйналат. Андан көрө Акүйдөн акылдашып, Жогорку кеңештен кеңешип “бармак кессеңер, келечегибизге пайдалуу иш жасаган болоор эле” деген пикирин билдирген “ Жаңы кылым” гезити.

“ МСН” гезитинде баяндамачы Вячеслав Тимирбаевдин макаласы “Бийлик, оппозиция жана биз” деп аталат. “ Биздин гезитти учурдагы бийликке жүгүндү, ба ийди деп айыптап жатышат. Ар кимдин өз пикири бар. Биздин көп жылдан бери карманган, ыйык туткан багытыбыз бар. Ал элге чындыкты айтуу” деп жазган Вячеслав Тимирбаев. Ушул гезиттин кабарчысы Дарья Малеваная “Бишкектеги митинг, жүрүштөрдүн айынан быйылкы жайкы эс алуу дагы үзүлтүккө учурашы мүмкүн деп ысыккөлдүктөр кабатыр болуп жатканын маалымдайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG