Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму кечээ күнү өзбек жетекчилигине кайрылып, Анжиян окуялары менен байланыштуу кесилген адамдардин иши боюнча жаңы сот өткөрүш керек деп билдирди. Былтыр ноябрда ал иш боюнча 15 адам узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылган, уюмдун айтымында болсо, сот адилетттүү болгон эмес. Укук коргоо уюмдарынын айтымында, былтыр май айында Анжиян шаарында жүздөгөн адам өлтүрүлгөн, өкмөттүн маалыматы боюнча, 187 адам өлгөн.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Анжиян боюнча жаңы сот өткөрүүнү талап кылууда