Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

МАРИ ЙОВАНОВИЧ: “ГАНСИ” АСКЕРИЙ БАЗАСЫНЫН ИЖАРА АКЫСЫ БАЗАР БААСЫНДА ЧЕЧИЛИШИ КЕРЕК”


Кыргызстандагы “Ганси” аскерий базасынын ижара акысы кандай болушу керек? Кыргызстан “ХИПК” программасына киреби? АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович “Азаттыктын” кабарчысынын мына ушул жана башка суроолоруна жооп берген.

- Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы олуттуу маселе -«Ганси» аскерий базасынын ижара акысы. Билесиз, Кыргызстандын президенти Орусияга иш сапарынын алдында 9 айдан бери жөндөлбөй жаткан маселени ушул жылдын 1-июнуна чейин жөндөө - макулдашууга келүү жөнүндө талап койду. Ушул маселе жөнүндө эмнени айта аласыз?

- Менимче бул маселенин эки тарапка тең пайдалуу чечилиши үчүн эки тарап тең кызыгуу, берилгендик менен иштеп, бири-бирине түшүнүү менен мамиле жасап чечсек, анда бул маселеде эки өлкөнүн тең кызыкчылыгы сакталат, деп ойлойм. Биз базага байланыштуу сүйлөшүүлөрүбүздү тез аранын ичинде жыйынтыктайбыз деп үмүттөнөбүз. Ошого аракет жасоодобуз. Менимче, кыргыз тарап деле ошондой эле ойдо.

Өткөн жылдын октябрь айында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым Кыргызстанга келгенде президент К.Бакиев мырза менен жолугуп, авиабазанын Ооганстандагы операцияларды колдоо максатында Кыргызстанда мындан ары да орун алышы жөнүндө сүйлөшүп кеткен. Бул келишимге алгач кол коюлганда эки тараптын тең андан баш тартуу мүмкүнчүлүгү бардыгын белгилешкен. Бул үчүн 6 ай алдын-ала экинчи тарапка билдирилиши керек. Бул укук Кыргызстанда да, Америка өкмөтүндө да бирдей каралат.

Биз бул жерде Кыргызстандын коногу катарында тургандыктан, кыргыз элинин, кыргыз өкмөтүнүн толук колдоосуна ээ болгондо гана бул жерде иштөөгө укугубуз бар. Авиабазага орун берүү аркылуу кыргыз эли жана өкмөтү абыдан чоң салым кошкон. Бул салым жалгыз эле Ооганстандагы террорчулукка каршы күрөшкө кошулган көмөк эмес. Баарыбыз билгендей, ошол эле террорчулар 1999-2000-жылдары Кыргызстандын Баткен аймагына кол салышкан. Ошондуктан Кыргызстандын салымы бүтүндөй региондун тынчтыгына жана бейпилдигине кошкон салымы болду. Себеби, Ооганстан тынч жана демократиялуу мамлекет болуп кайра жаралса, андан бүтүн региондун пайда табары анык.

- Ушуга улай дагы бир суроо. АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер жакында эле бир билдирүү таратты. Ал аскерий базанын ижара акысына делген 200 миллион доллардын реалдуу негизи жок деп билдирди. Бул жөнүндө эмне деп айта аласыз?

- Бул сурооңузга мындай деп жооп берет элем. Президент К.Бакиев жакында айтып кеткендей, базаны колдонуу боюнча ижара акысы азыркы күндөгү базар бааларынын негизинде аныкталышы керек. Мен буга кошулам. Ошондуктан аны чыныгы базар баасында жана азыркы күндүн бааларын эске алып чечсек туура болот.

- Элчи айым, Кыргызстан коомчулугунда «ХИПК» демилгеси чоң кызыгуу талаштарды жаратып жатат. Анын бир мисалы, программага кирүү-кирбөө тууралуу өкмөттүн өзүндө деле так позиция жок. Ага кирүү менен кыргыз өкмөтү кандай жеңилдиктерге ээ болот? Мындан Кыргызстан утулуп калбайбы? «ХИПК» демилгесине кирүү менен Кыргызстандын экономикасы саясий басымга, кысымга туш келбейби? деген түпөйүл ойлор көп

- Азыраак артка чегинип сөзүмдү улантсам. Менин оюмча, бул Кыргызстан эли, мамлекети үчүн ар дайым маанилүү нерсе. Ачык-айкын диалогдун болушу бүт коом үчүн маанилүү. Кыргызстанга кандай чечим кабыл алуу тууралуу эч ким буйрук бере албайт. Ошондуктан ал Кыргызстандын элинин жана өкмөтүнүн чечимине байланыштуу болот. Бул маселе фактылык негизге таянып чечилиши керек. Мындай фактылардын катарына президент менен премьер-министр ар бири өз алдынча «ХИПК» программасына кирүү тууралуу өтүнүч каттарды жиберишкенин айтсак болот.

Эң биринчи кезекте бул программанын Кыргызстанга тийчү пайдасы жана жардамы Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын карыздарынын кечирилишинин жеңилдетилиши. Ошондой эле Кыргызстан жыл сайын тышкы карыздарды төлөө үчүн кетирип жаткан 30 миллион доллар Кыргызстандын ичиндеги кедейликти азайтууга сарптоого жол ачылат. Бул маселенин кандай чечилиши Кыргызстандын өзүнө тиешлеүү.

Бул жерде эч ким Кыргызстандын эгемендиги менен көз карандысыздыгына көлөкө түшүрүү максатын издеген жок. Кыргызстан бул программага мүчө болуусун же болбостугун жана анын шарттарын дайыма сүйлөшүү жолдору менен өзү үчүн ыңгайлуу кылып чечсе болот. Эгерде анын шарттары Кыргызстан үчүн келишкис болсо андан каалаган убагында чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми өсүү деңгээли боюнча айтсак, Дүйнөлүк банктын берген маалыматына караганда «ХИПК» программасына кирген өлкөлөр ага кирбеген өлкөлөргө караганда көбүрөөк өсүү дегээлине жетишип жатат. Ошондуктан, бул жерде сандардын жана фактылардын дал келбей калган жерлери да бар. Бирок биз Дүйнөлүк банктын маалыматына ишенишибиз мүмкүн.

Албетте, бул баары-жогун 100% чече турган, чечүүгө жардам бере турган маселе эмес. Кыргыз өкмөтү бул жердеги болгон проблемалардын бардыгын бир программанын жардамы менен чече да албайт. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү экономикалык өсүүнү, чет эл инвестициясын тартып келүүнү камсыз кылыш үчүн аркыл багыттарда иш алып барышы абзел. Көптөгөн чечимдерди кабыл алуу жана ар кандай кадамдарга баруу, менимче, өлкөнүн азыраак карызы болуп, кедейликтин деңгээли төмөнүрөөк болгон учурда жеңилирээк болот. Ошондуктан кыргыз өкмөтү өз эли жакшы жашашы үчүн ар кандай кадамдарды ойлонуп көрүшү керек.

- Эми дагы бир суроонун кезеги келди окшойт. Мына, Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин криминалдык жагдай абыдан курчуп кетти. Криминалдын саясий бийликке умтулушу кийинки кездери байкалып жатат. Экс-президент А.Акаев бийликтин алмашуусуна криминалдын таасири чоң болду деген кинесин коюуда. Криминалдык жагдайдын аябай курчуп кетиши өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнө, эларалык кадыр-баркына салакасын тийгизбейби?

- Менимче, кыргыз өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка каршы чечкиндүү кадамдарды жасашы керек. Бул жердеги эл менен жолугушууларымда алар да көп ирет кабатырлануусун билдирип кетишти. Мындан тышкары, алдагыдай абал өлкөгө келүүчү сырт инвестицияга бөгөт болот.

Андан сырткары өлкөнүн донорлорун да тынчсыздандырат. Дагы айтып кете турган нерсе, мамлекетте көз карандысыз сот системасынын болушу аябай маанилүү. Себеби алардын көз карандысыз болуп, адилет чечим чыгарышы да коомдун келечегине өз таасирин тийгизет.

Бул жерде Кыргызстандын өкмөтү Конституция менен мыйзамдарын ишке киргизүү, аларды колдонуп, тартипти орнотуу үчүн абыдан чоң иштерди жасашы керек. Коомдогу тынчтык үчүн өкмөт уюшулган кылмыштуулукка каршы экендигин ачык билдирип, коомго тынчтык алып келиши мүмкүн. Бирок бул Кыргызстандын өкмөтүнүн, элинин ички иши болгону менен, ал эларалык аренада да өз таасирин тийгизбей койбойт.

- Кийинки кездери Кыргызстандын тышкы саясатында Орусияга ык коюучулук, Маскөөгө өзгөчө үмүт арткан тенденция байкалып жатат. Бул «Ганси» аскерий базасынын ижара акысынын катаал коюлушуна да байланыштуу болуш керек. Аны Президент К.Бакиевдин Орусияга иш сапары алдында жасаганы да көп нерсени билдирип турат. Мына ушул жагдай Америка менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге салакасын тийгизбейби?

- Кыргызстан менен Американын ортосунда биргелешип ишке ашырып жаткан абыдан көп долбоорлор жана демилгелер бар. Биз бул мамилелерди дагы бекемдеп, алдыга жылдырууга абдан кызыгабыз. Кыргызстан менен Американын ортосунда иштелип жаткан долбоорлордун кээ бирөөлөрүн атай кетсем: бул «Манас таалими» - саламаттыкты сактоону өркүндөтүү программасы.

Биз ошондой эле кыргыз өкмөтү менен «Миң жылдыктын чакырыктарынын» Астана долбооруна кирген Кыргызстандын программасынын үстүндө иштеп жатабыз. Андан сырткары Кыргызстандагы чек ара коопсуздугу программасы иштеп жатат. Ушуга окшогон көптөгөн программаларды ишке ашыруу менен биз Кыргызстан менен болгон мамилелерибизди чыңдоого умтулабыз.

Дагы бир жолу эскертип кетсем, өткөн жылдын октябрь айында Кыргызстанга келген АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым мындай деп айтып кетти эле: «Менин бул жерге келишимдин эң негизги максаттарынын бири - бул кыргыз өкмөтүнө жана элине силердин Америка Кошмо Штаттарында досуңар бар деп ишендирип кетким келди». Ошондуктан биз жасап жаткан иштерибиздин баары бул сөздөрдүн ырасталышы десем жаңылышпайм.

- Кыргызстанда чоң саясий окуя –демократиялык күчтөрдүн жыйыны өткөнү турат. Мына ушул жыйынды кээ бирөөлөрү жактыруу менен, кээ бирөөлөрү кооптонуу менен, кээ бирөөлөрү коркуу менен күтүп жатышат. Азыркы жаңы кыргыз бийлигинин оппозиция менен болгон мамилеси, дегеле ушул Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын кадамдары тууралуу сиздин оюңуз кандай?

- Бул маселе боюнча оппозициянын өзүнчө маалыматы бардыр, андан менин кабарым жок. Менин оюмча, ар бир өлкөдө оппозиция бар. Көз караштары келишпеген адамдардын топтору ар бир өлкөдө болот. Бул жерде дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, оппозициянын коюп жаткан талаптары келечекке умтулуу максатында болсо керек деп ойлойм. Бул жерде өкмөт менен оппозициянын ортосунда консенсус керек. Себеби, өз убагында, президенттик шайлоо алдында К.Бакиев мырза берген убадалардын аткарылышын талап кылып атышат. Ошондуктан коомдо сүйлөшүүлөр аркылуу алдыга жылуу зарылчылыгы бар.

Эң маанилүү нерсе, оппозиция конструктивдүү болушу зарыл. Биз бардыгыбыз билебиз, К.Бакиев мырза бул чөлкөмдө мурда болуп көрбөгөндөй ачыктык жана адилеттүү шайлоонуну жыйынтыгында бийликке келген. Ошондуктан, ал киши менен бирге кыргыз коомунун өркүндөшү үчүн оппозиция президент, анын өкмөтү менен конструктивдүү мамиледе иштеши зарыл. Экинчи жагынан президент да өзүнүн оппозиция менен мамилесин конструктивдүү жолдо курса.

Өткөн жумада президент менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү диалог болду. Андан бүтүндөй коом жеңише ээ болот. Кыргызстанда сөз эркиндиги, тынч жыйын өткөрүү эркиндиги Конституция жагынан камсыз кылынган. Бирок ошону менен бирге бул укуктардын элдин колдонушуна шарт түзүү, өкмөт ар кандай демонстрацияларга, көп киши чогулган акцияларга криминалдык дүйнө адамдарынын катышып кетпешин алдын-алуусу керек. Андай кишилердин катышып кетүүсү мындай жыйындардын тынч жана коопсуз өтүшүнө тоскоолдук кылат деп ойлойм.

Албетте, 29-апрель жакындаган сайын бизде да суроолор пайда болуп жатат. Бул Кыргызстандын элине байланыштуу нерсе. Бирок демонстрацияга чыккан адамдар дагы, өкмөттүн өкүлдөрү дагы ошол күнү бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, Кыргызстандын Конституциясынын негизинде бул маселени чечип алса жакшы болмок. Биз Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү жана өкүлдөрү эки тарапты тең чыдамдуулук менен көтөрүмдүүлүктү көрсөтө алышына чакырат элек.

XS
SM
MD
LG