Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

МУРДАГЫСЫ - «БЫКЫЙ», АЗЫРКЫСЫ - «АЯЙ»


Кыргыз өкмөтү англиялык «Оксус Голд Майнинг» компаниясынан «Жерүй» алтын кенин казып алууга берилген уруксат кагазын кайтарып алып, ушу тапта жаңы инвестор табуу милдетин «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жүктөгөн. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыповдун ырасташынча, ашып барса эмдиги аптада өкмөт жаңы компания менен түзүлчү келишимди тактоого киришет.

Ал эми «Жерүй» алтын кенин иштетип келген англиялык «Оксус Голд Майнинг» компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык сотко чакырып, күтүлгөн кирешесинин баасын айтып, айып пул өндүрүп алуу аракетин жасайбы же унчукпай отуруп калабы – бул да азырынча белгисиз. А.Жакыпов лицензиясынан кол жууган компания ишти тынч бүтүрбөсө кыргыз өкмөтү да ага оңор эмес акчаны коюп, аны деле доого жыгуу аракетин жасай турганын билдирди.

- Эгерде алар биз ушунча акчага ээ болмокпуз десе, биз компания 2000-жылдан бери иштесе биздин бюджетке 146 миллион доллар акча түшмөк экен. Андай боло турган болсо биз ошону да сотко коебуз,-деди Алмаз Жакыпов.

Дилденин баасы дүйнөлүк базарда асманды чапчып калгандан бери кыргыз өкмөтү «Кумтөр» алтын кенин казып алуу жөнүндө канадалык компания менен түзгөн келишиминде кетирген алешемдиктерин кайталабаштын амалына өткөн. Ошол себептүү «Талдыбулак» алтын кенине келген казакстандык «Саммер Голд» компаниясына эмитен эле биргелешкен ишкананын эсебине 15 миллион доллар акчаны которуп коюуну талап кылууда.

Адистердин болжолунда «Жерүй» алтын кенинин запасы 65 – 68 тоннанын тегерегинде. Кыргыз өкмөтү ушу тапта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, лицензия берүүгө макул болуп жаткан австриялык «Глобал Голд» компаниясы коюлган шарттардын баарын туура көрүп, өндүрүлгөн алтындын 40% кыргыздарга калтырып, буга кошумча, кенден пайда тапса да, таппаса да Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жыл сайын 2,5 миллион доллар акча төлөп берүүгө макул болууда.

- Жылына 2,5 миллион доллар төлөнмөк болуп жатат. Анан өтө принципиалдуу маселе – бизде аффинаждык завод бар. «Жерүйдүн» алтыны ушул Кыргызстанда, аффинаждык заводдо аффинаждалганы турат. Эски инвесторго караганда бу жаңы шарттар жакшыраак,-деди Алмаз Жакыпов.

«Жерүй» алтын кенинде ашып барса бир жыл, болбосо 8 айдын ары-берисинде даярдык иштери бүтүп, комбинат ишке киришип калышы ыктымал. «Кумтөр» алтын кенинде казып алуу иштери кыйла төмөндөп турган чакта, андан кийинки ири кендин ишке кириши Кыргызстандын экономикасына олуттуу дегидей таасир көрсөтөр эле. Өкмөт башчы Ф.Кулов өткөн жылкы экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөн болушу «Кумтөргө» байланыштуу болду деп эсептейт.

- Ички дүң продукт өткөн жылы 0,6% гана төмөндөдү. «Кумтөр» алтын кенин кошпогондо, ички дүң продукттун өсүшү 1,4% гана түздү.

Ойлонткон жагдай, талаштуу долбоордун тагдыры эларалык сотко түшүп, өкмөт күткөн иш узакка созулуп кетүү коркунучунда тургандыгы.

XS
SM
MD
LG