Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Мисирде болгон жардыруулар үчүн ким жооптуу экени азырынча так белгисиз

24-апрелде Мисирдин Дахаб деген курорт шаарында болгон үч жардыруу үчүн ким жооптуу экени эмгиче так белгисиз. Ал жардырууларды жанкечтилер уюштурганы же ал жерде алдын ала коюлган бомбалар жарылганы да белгисиз. Бардыгы болуп 23 адам набыт кетип, дагы алтымыштан ашык киши жараат алган, өлгөндөрдүн үчөө чет өлкөлүк турист болчу. Полиция шектүү он адамды кармады, башка кабарларга караганда, отузга жакын киши кармалды.
XS
SM
MD
LG