Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

«Реформа үчүн» кыймылы уюштурган Оштогу тынч митинг үзгүлтүккө учурады


БИШКЕК. Аталган кыймылдын мүчөсү Анвар Артыков баштаган 30 чакты адам бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук аянтына келишип, өз талаптарын айта башташкан. Көп өтпөй аянтка келген 30 чакты аялдар менен алибеттүү жигиттерден турган топ митингчилерди сүйлөтө койбой, «өлкөдөгү тынчтыкты бузуп жатасыңар» деген сөздөр менен айыптап киришти. Бир саатка жетпеген убакытта митингчилер тарап кетүүгө аргасыз болушту. Анвар Артыков журналисттерге ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болбогондо митингге кеминде 2 миңдей киши катышмактыгын, бүгүнкү окуянын артында президенттик админстрация башчысы менен Ош облусунун губернатору тураарын айтты. Ош губернатору Адам Закиров болсо бул чындыкка коошпостугун, митингге эч кандай тиешеси жоктугун «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG